Итикаф деген эмне?

Итикаф деген эмне?
14-Июнь 2018, Бейшемби, 10:11

Итикаф деген эмне?

Итикаф-ибадат ниетинде мечитте такай болуу. Итьикаф деген сөздүн уңгусу-ъакф- “Бир нерсени лазым тутуп дайыма кылуу, бир нерседе кечке болуу”,-дегенди түшүндүрөт.


Итикаф мечитте кылынат

Үйүндө, медресесинде, намазканада Итикаф кылуу эсептелинбейт. Итикафты мечитте гана кылуу керек. Анткени жыныстык катнаш болгон жерде, Итикаф кылууга болбойт.


Итикаф Аллах үчүн болуусу зарыл

Итикаф- Аллах үчүн бош убакыттын баарын ибадат кылуу ниетинде өткөрүш керек. Дегенибиз убактыбызды, жөндөн-жөн гана өткөзбөшүбүз керек. Мында адамдар жөн эс алыш үчүн, достору менен көпкө чейин жолугуп өткөзбөш керек. Албетте, кээде туугандарга, курбуларга кыска убакытка зыярат кылууга уруксат. Бирок, достору келип узун-узун куру сөздөргө кирип кетүүсү-ибадаттын рухун жоготот.

Итикаф кылуунун өкүмү

Итикаф-бул сүннөт. Сүннөт деген эмне? Сүннөт-шарияттагы ибадаттын түрү. Аны аткарган адам сооп табат.

Итикаф кайсыл учурда кылнат?

Итикаф бир гана Рамазанда эмес, башка учурларда да болгону менен, бирок анын Орозонун акыркы он күнүндө аткарылуусу абдан пайдалуу болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!