Ден-соолукка байланыштуу орозону токтотууга болобу?

Ден-соолукка байланыштуу орозону токтотууга болобу?
14-Июнь 2018, Бейшемби, 14:28

Алла Таала мындай деди: «Эгер бирөө ооруп же сапарда жүргөн болсо, башка күндөрү орозонун санын толтурсун» («ал-Бакара» сүрөсү, 185-аят). Ооруган адамга орозо кармоо кыйын болсо же болбосо орозо анын оорусунун тез айыгып кетүүсүнө тоскоолдук жаратса, ал орозосун токтотот. «Орозо кармоону калтыруу үчүн оорунун оордугу кандай болуш керек?» деген маселеде аалымдардын пикири ар түрдүү болгон. Кээ бир аалымдар: «Оору аталгандын баардыгы орозону калтырууга уруксат берет», — дешкен. Ушуга байланыштуу алар Алла Тааланын: «Ал бирөө ооруган…..болсо», — деген сөздөрүнө таянышкан, оорунун оордугу такталган эмес. Бирок эгер оору кыйынчылык туудурбаса жана мисалы, бир аз сасык тумоо, аллергия сыяктуу адамды алсыратпай турган оорулар болсо, анда ал орозо кармоону улантып жана аны таштабоого тийиштүү “Сахих фику-Сунна” 2/119.

Имам ал-Куртуби мындай деген: “Оору адамда эки учурда болот: биринчиси – ал орозо кармоого чамасы келбеген жагдайда. Мындай кезде оозду ачып жиберүү ага милдеттүү болот. Экинчиси – ооруган адам кыйналып жана өзүнө зыян тийгизсе да орозо кармаса. Мындай учурда ал үчүн ооздуу ачууга уруксаат жана надандан башка эч ким бул абалда орозо кармабайт!” : “Тафсир ал-Куртуби” 2/276.

Имам Ибн Кудама мындай деген: “Эгер ооруган адам ооруганына карабастан орозо кармай турган болсо, ал күнөөлү нерсе жасаган болот, анткени ал өзүнө зыян тийгизет жана Алланын берген жеңилдигин таштап коёт”: “ал-Мугни” 4/404.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
Жамшитбек Калилов:
Жамшитбек Калилов: "Жумушсуз калбайм деген ойдомун" (видео)
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу