Орозодо зат алмашууну жакшыртуучу тамак-аштар

Орозодо зат алмашууну жакшыртуучу тамак-аштар
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 11:27

Орозодо метаболизмди жакшыртуучу тамак-аштарды сизге сунуш кылабыз. Саарлык адамдардын күнү бою сергек, өзүн жакшы сезип жүрүшүн камсыз кылат.

Адистер өзгөчө ооз бекитип жатканда ага кылдаттык менен көңүл бөлүү керектигин айтат. Мисалга, өтө таттуу жана ачуу тамак-аштар, колбаса, сосиска сыяктуу азыктар менен ооз бекиткенден алыс болуңуз. Анткени, алар сизди күнү бою суусатканга дуушар кылат.

Анын ордуна жеңил, сиңимдүү азыктар менен ооз бекиткен туура.

Ооз ачылгандан 15 мүнөттөн кийин күчтүү тамак-ашка өтүңүз!

Оозуңузду эки даана курма, сыр же болбосо оливка менен ачканыңыз жакшы. Ооз ачылгандан 15 мүнөт өткөндөн кийин калориясы күчтүү тамактарга өтсөңүз, ашказанга оор келбейт экен.

Чай Ифтардан бир саат өткөндөн кийин ичилгени жакшы

Сиз оозуңузду ачып, жеген тамак-ашыңыз бир саатта сиңгенден кийин, артынан кофе же чай жардамга келет. Тамак менен кошо чай же кофе ичүү организмдеги темирди жууп кетет.

Ифтарды кандай тамак-аш менен ачкан туура

Ифтарды уй жана тоок этинен жасалган тамак-аштар, айран, йогурт, салаттар менен ачкан жакшы.

Убагында уктап эс алуу кажет

Орозодо туура тамактануу жана уктоо менен бирге сиз организмиңизди чыңай аласыз. Орозонун алгачкы күндөрүндө баш айлануу, ашказан оорулары жана уйкусуздук капташы мүмкүн. Ал нерселерге сиз бара-бара көнүп каласыз.

Каны аздар төмөнкүлөрдү эске алуусу керек!

Каны аздар дан азыктар кошулган тамак-аштарды аз колдонгону жакшы. Анын ордуна эт, жашылча жана мөмө жемиштерди көп колдонгону абдан пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты