Алланын жана Пайгамбарыбыздын (САВ) айткандары

Алланын жана Пайгамбарыбыздын (САВ) айткандары
14-Май 2019, Шейшемби, 18:34

Эй ыйман келтиргендер! Орозо абалкы үммөттөргө парз кылынгандай сизге да парз кылынды. Күнөөдөн сактанып такыбалыкка жетесиңер. (Бакара, 2/183)

Орозонун күндөрү саналуу. Сизден бирөө ооруп жатса кармай албаган күндөрүн башка күндөрү Орозо тутат. Жакшы болууга үмүтү болбогон оорудан улам Орозого чыдай албагандардан колунда жок бирөөнү тойгуза алгыдай тамак бериши керек. Ар ким өз абалына карата кайры катары тамактын өлчөмүн көбөйтсө бул өзү үчүн албетте жакшы. Эгер билсеңиз Орозо тутуу өзүңүз үчүн пайдалуу. (Бакара, 2/184)

Рамазан айы адамдарга туура жолду көрсөткөн ачык хидаят далилдерди алып жүрө. Ким бул айга жетсе Орозосун тутсун. Бул айда ооруган жана жолдо жүргөн күндөрдү башка күндөрү толуктасын. Аллах сиз үчүн жеңилдик каалайт, кыйынчылык каалабайт. Кыйналбастан орозо күндөрдү бүтүрүңүз. Сизди туура жолго жеткиргени үчүн Аллага ыраазычылык билдиргиле. Ошентип ниматтарына шүгүр кылган болосуз. (Бакара, 2/185)

“... Таң агара электе жеп ичкиле. Андан соң эртеси түнгө чейин Орозону бүтүргүлө. Булар Алланын чектөөлөрү. (Бакара, 2/187)

Ким Орозо туткан адамдын оозун ачырса Орозо туткан адамдыкындай сооп алат. Орозо адамдын сообунан эч кем болбойт. (Тирмизи, Савм, 82.)

Алла мындай буюрду: “Адам уулунун ар амалы өзү үчүн. Бир гана Орозо өзгөчө. Анын сыйлыгын мен берем. Анткени жегенин жана напсисин, каалоолорун мен үчүн таштап жатат. Орозо туткандар үчүн эки кубанычтуу учур бар. Бирөөсү ооз ачаар. Экинчиси Аллага жолуккан убак. Орозо туткандардын оозундагы жыт Алланын көз алдында мускустун жытынан да жакшы. (Бухари, Савм 2; Муслим, Сыям 152)

Орозочолук сообу көп ибадат жок. (Nesâi, Sıyam 43)

“Бардык нерсенин зекети бар. Дененин зекети Орозо кармоо. Орозо кармоо сабырдын, тазалык жана ыймандын жарымы. (Ибн-и Мажа, Сиям 44)

“Алланын көз алдында Орозодой сообу көп ибадат жок. (Насаи, Сыям 43)

“Орозо напсини тарткан тамак жана суусундуктан кимди ажыратып койсо, Алла ага бейиштин мөмөлөрүнөн жедирип, бейиштин булактарынан ичирет” (Канзуль-Уммал, 3/328)

“Бейиште Ар-Раян делген каалга бар. Ал жактан Орозо кармагандар гана кире алат" (Ибн-и Мажа, Сиям 1)

Пайгамбарыбыз (САВ) намаз кылардан мурда бир нече курма менен ооз ачар эле. Эгер курма жок болсо бир нече ууртам суу ичээр эле.” (Абу Дауд, Савм, 21; Тирмизи, Савм, 10)

Араңарда бирөө Орозо болсо курма менен ооз ачсын. Эгер таба албаса суу менен ооз ачсын. Анткени суу тазалайт” (Абу Давуд, Савм, 21)

Үч киши бар. Булардын дубасы артка кайтарылбайт. Булар Орозо туткан адамдын ооз ачаар маалындагы дубасы, адилет болгон имамдын дубасы жана кыйналгандын дубасы”

Пайгамбарыбыздын (САВ) ооз ачар убактысында окуган дубаларынын биринде мындай деген. “Аллахым; Сенин ыраазычылыгың үчүн Орозо туттум. Сен берген ырыскың менен оозумду ачтым. Суусаган учур бүттү, тамырларга суу жүгүрдү. Иншаллах сыйлык жана сооп да болду” (Абу Давуд, Савм, 22)

Орозо момун үчүн калкан. Орозо туткандар жаман нерселерди сүйлөшпшсүн. Эгере кимдир бирөөлөр аны сөксө же урушса “Мен Орозомун” десин” (Бухари, Савм, 2; Муслим, Сиям, 161)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
Президент балет бийчилери менен жолугушту
Президент балет бийчилери менен жолугушту
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Шайлоодо административдик ресурс колдонулбаш керек"
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти