Рамазан, Орозо тууралуу балдарга кантип түшүндүрөбүз?

Рамазан, Орозо тууралуу балдарга кантип түшүндүрөбүз?
15-Май 2019, Шаршемби, 17:14

Балдарга Орозо тууралуу түшүнүктөрдү бул айда айтып берүү ыңгайлуу. Балдар чоңойгон сайын орозо, намаз, теравих сыяктуу түшүнүктөрдү ата-энелер көбүнчө ушул айда түшүндүрүшөт. Балдарга кичинесинен эле Рамазан айы тууралуу айтып берип, алардын руханий дүйнөсүн байытуу керек.

Руханий маалыматтарды балдарды жеткирүүдө кыйноо, коркутуу жана жазалоо сыяктуу каталарды кетирбөө керек. Анда балага зыян тийгизген болосуз. Анын ордуна сүйүү жана мээрим төгүү менен диалог куруу зарыл. Алардын Рамазандын эң башкы ибадаты Орозо тууралуу ойлорун угуп, суроолоруна жакшы жооп берип, кызыгууларын артырууга аракет кылуу керек. Алардын ар бир суроосу Ыйык ай тууралуу жакшы билүүсүнө, жакшы көрүүсүнө чоң мүмкнүчүлүк жаратат.

Балдарга Рамазан тууралуу айтууда көңүл ачуучу оюн, темага байланыштуу аңгеме жана жомок сыяктуу түшүндүрүү, бул ибадаттарга кызыгууларын арттырат. Ата-эне мындай ыкмалар менен балдага жакшы таасир калтырган болот.

Эң негизгиси ата-энелер балдарына үлгү болууга тийиш. Алар өздөрү Курандын маанисин терең билип, Рамазан айында Орозону, теравих намазын балдарга көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.

Аны менен бирге иптарда дасторкон даярдоодо кичине да болсо жашына жараша жоопкерчиликтерди берүү, таравих намазына алар менен мечитке баруу же колунда жоктор үчүн кайрымдуулуктарга аларды аралаштыруу Рамазан айынын маанисин өздөштүрүүдө оозеки айткандан да таасирдүү.

Балага Рамазан айынын башка айлардан айырмалуу болгонун сездирүү үчүн бул айда аларга болушунча толеранттуу мамиле кылып, көңүлдөрүн алууга аракет кылып, аларды бактылуу кылуу керек. Бул ыйык айга байланыштуу театралдык оюндар сыяктуу түрдүү социалдык иш-чараларга алып барып ага Рамазанды майрам катары кабылдатуу керек. Пайгамбарыбыз (САВ) буюрган сыяктуу балдарга бул айды түшүндүрүүдө мүмкүн болушунча сүйдүрүүгө, жеңилдетүүгө аракет кылып, жек көрүүдөн алыс болууга үйрөтүү керек. Анткени балага Рамазанды түшүндүрүү үчүн эң таасирдүү тил сүйүү жана толерантуулук болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду