Эмне менен ооз ачуу керек?

Эмне менен ооз ачуу керек?
16-Май 2019, Бейшемби, 11:04

Пайгамбарыбыз (САВ) ооз ачуу үчүн мындай деп айткан:“Захаба- з-замма, ва-бталляти-ль-урук, ва сабата-ль-ажру ин щаа-Аллаах”- бул "чаңкоо кетти, тамырлар нымга толду, Аллах кааласа сооп да пайда болду" деген маанини берет.

Кайсыл учурда ооз ачуу керек?

Күн толуп батары менен, ооз бекиткен адам, асмандын кызылына көңүл бурбай, оозун ача берүүсү керек.

Ооз ачууга шашылуунун зарылчылыгы тууралуу: “Адамдар ооз ачууларына шашылып жүргөндөрүнө чейин жакшылыкта боло берет”. Орозону өз убагында ачыш керек. 5 мүнөт кийин жаптым, кечинде 5 мүнөт кечирээк ачам деген болбойт. Эң жакшы адам- убактысы келгенде биринчилерден болуп ачкан адам. Бирок, убактысы келе электен мурун ачып жибербөө керек. Себеби андай кишилердин жазасы бар, Орозосу бузулат.

Эмне менен ооз ачуу керек?

Сүннөт эрежелери боюнча оозду- жаңы бышкан нан же кургатылган курма же суу менен ачуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР