Ооз ачарга жазылган дасторкон меймансыз калбасын

Ооз ачарга жазылган дасторкон меймансыз калбасын
16-Май 2019, Бейшемби, 17:32

Пайгамбарыбыз (САВ) ооз ачарга жайылган дасторконго мейман күтүүнү сунуштаган.

Ар бир Рамазанда үйлөрдө, аянттарга уюштурулган ооз ачар тамактарында конокторду чакырып, көңүлүн алган жакшы. Өзгөчө кайрымдуу адамдар ифтарда байлар менен колунда жоктордун башын бириктирүүнү салтка айландыра баштады. Ошондо гана коомчулуктун ар катмары бири-бирине байланышта болуп, байлар колунда жоктордун абалын көрөт.

Рамазан айында ооз ачар тамактарын уюштуруу албетте жакшы. Ошол эле мезгилде ниеттерди түздөө керек. “Бирөө тамак берди. Мен да ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүмдү жарнамалайын”,-деген болбогон түшүнүк. Башка бардык ибадаттардай эле ифтар уюштуруунун максаты Алланын ыраазычылыгын алуу. Анткени Пайгамбарыбыз (САВ) “Амалдар ниеттерге карата бааланат…” деген сыяктуу ар ким ниетин түздөшү керек. Пайгамбарыбыз (САВ) “Коңшу ачка болсо ток жаткан биз эмеспиз” деп буюруп, бизге көчөбүздөгү, айылыбыздагы, аймагыбыздагы жакыр адамдарды таап, аларды дасторконубузга чакыруу, алар менен сырдашууну сунуштаган.

Дүйнө бир айылга айланып бара жаткан ушул мезгилде Африкада бир чөйчөк суу үчүн бир нече чакырым жол жүрүүгө аргасыз болгон адамдар да биздин коңшуларыбыз экенин унутпайлы. Адамдарга пайда келтирүү боюнча ойлорубузду борбордон баштап, дүйнөнүн ар бир бурчуна кеңири жайылталы. Ал арада мүмкүнчүлүк болсо бул ыйык айда дүкөнгө барып, колунда жок үй-бүлөнүн бир айлык муктаждыктарын алгыла. Белек бергенче ифтарда мейманы болгула.

Мындай жакшылыктарга Алла сүйүнчүсүн берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты