Пайгамбарыбыз (САВ) Рамазан айын кандай өткөргөн?

Пайгамбарыбыз (САВ) Рамазан айын кандай өткөргөн?
17-Май 2019, Жума, 16:13

Пайгамбарыбыз (САВ) ыйык айлар башталары менен момундарды Рамазанга даярдачу. Рамзан кубанычын эки ай мурда сезип, келерки айдын маанисин эске салып, көңүлдөрдү Рамазанды тосуп алууга даярдачу.

Алланын элчиси жашоосунда тогуз Рамазан айын башынан өткөргөн.

Бир жутум болсо да саарлыкка туруп жеп-ичуу. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) бир топ хадистеринде саарлыкка турууга өзгөчө үндөгөн. "Саарлыкка тургула. Анткени, саарлык тамагында берекет бар" (Бухарий, Саум, 20; Муслим, Сыям, 45;) Дагы бир хадисте: "Орозо кармайм деген адам саарлыкта бир нерсе жесин" деп айтылат. (Ахмад бин Ханбал, 3/367, 379;)

Ифтар сыяктуу эле саарлыка да чакырчу

Пайгамбарыбыз (САВ) меймандарды ооз ачар менен чектечү эмес. Саарлыкта да меймандарды кабыл алчу. Ал убактагы саарлык жана конок күтүү алып келе турган береке тууралуу үмөтүнө сунуштап, бул боюнча жол көрсөтчү. Үйүнө жана мечитке келген конокторун тосуп, түндү сахабалары менен бөлүшчү.

Пайгамбарыбыздын (САВ) ифтарлары кандай өтчү?

Пайгамбарыбыз (САВ) ооз ачарга мейман чакырууга маани берчү. Пайгамбарыбыз (САВ) “Кимдир бирөө Рамазан айында орозо туткан адамга ооз ачар тамагын берсе күнөөлөрү кечирилет. Аллах аны тозок отунан куткарат. Ошол орозо адамдын сообунчалык сооп берилет” деп буюрганда Асхаб Аль-Кирам “Эй Алланын элчиси! Барыбыз орозо туткан адамга ифтар бергидей бай эмеспиз” деген. Анда Алланын элчиси (САВ) мындай буюрду: “Бир курма менен ооз ачыргандарга да, суу менен гана ооз ачыргандарга да, бираз сүт бергендерге да бул сооп берилет. Бул айда орозо туткан адамга суу бергендер кыямат күнү суусуз калбайт” (Тирмизи, Савм 10) деген.

Пайгамбарыбыз (САВ) “Эй адамдар! Дасторконуңар барына жайылуу болсун. Меймандарды көп күткүлө. Ошентип бейишке киресиңер!” (Ибн Мажи Этиме 1) деп буюрган. Бул жактагы “дасторконуңуз бардыгы үчүн жайылган болсун” деген сөзү менен бай-кедей, момун жана башка деп бөлгөн эмес.

Ифтар – дуба убагы

Ифтар булар кабыл болушуна эң жакынкы учур. Ар бир убакыт тилимин дубалары менен нурдаган Алланын элчиси (САВ) ооз ачар маалдар түрдүү дубалдары айтчу. “Аллахым! Сенин ыраазычылың үчүн орозо туттук. Орозобузду кабыл кыла көр. Сен ар бир нерсени билүүчүсүң” (Сунан ад-Даракутни 2/185)
Куранга өзгөчө маани берчү

Пайгамбарыбыз (САВ) Рамазан айында Куранга өзгөчө маани берчү. Анткени Куран Рамазан айында жаралган. Курандын туулган күнү Кадыр түн ушул ыйык айда болгон. Аяттарда мындай буюрулган: “Рамазан айы адамдарга жол көрсөтүүчү. Хидаятты, туураны, жаңылыштыкты бири бирине айырмалаган Куран ушул айда түшүрүлгөн” (Бакара Сүрөсү, 2/185)

Рамазандагы максаттарыбыз

Мусулман катары берекелүү Рамазан айын жакшы өткөрүү үчүн өзүбүзгө максат коюшубуз керек.

Курани Керимди окуганды билбесек үйрөнүү, билсек көп ирет окуу.

Таравих намазын жамаат менен мечиттерде окуу.

Ифтар убактысында жабыркагандар жана бейкүнөө бир туугандарга, үй-бүлө жана өзүбүз үчүн дуба кылуу, тилек тилөө.

Орозолорубузду саарлыкка туруп, ал мезгилдерди дуба, намаз жана Аллаха сыйынуу менен өткөрүү.

Окуучулардына, коңшулардын жана туугандардын оозун ачыруу.

Садака, кайрымдуулук жана жардамдады бул айда көбөйтүү.

Гыйбат, жалган, ушак сыяктуу күнөөлөрдөн алыс болуу.

Рамазаныбызды берекелүү кылуу үчүн битир садаканы ашыгы менен берүү.

Жаман мүнөз жана көнүмүштөрдөн бул ыйык айда толугу менен кутулууга аракет кылуу.

“Ар бир түн Кадыр түн болушу мүмкүн” деген түшүнүк менне Рамазан түндөрүн ибадат жана дубалар менен өткөрүү.

Пайгамбарыбыз (САВ) ар убак иттифакка кирчү

Итикаф, Рамазандын акыркы он күнү мечит же башка ибадат кылуучу жайда, ибадаттар менен алек болгон абал.

Жыл сайын Пайгамбарыбыз (САВ) Рамазандын акыркы он күнү итикафга тартылган. Бул боюнча хадистердин биринде “Рамазандын акыркы он күнү кигенде Аллахтын элчиси түндөрдү ибадаттарды аткаруу менен өткөрчү. Үй-бүлөсүн дагы ибадаттарды аткаруу үчүн ойготчу. Ибадат үчүн башка убактардан көп аракет кылчу” (Бухари, Итикаф, 1, 6)

Пайгамбарыбыз (САВ) Рамазанда берешендикке үндөчү

Ар убак жоомарт болгон Алланын элчиси (САВ) Рамазан келери менен марттыгын дагы көбөйттү. “Рамазан айында берилген садака дагы да пазилеттүү” (Тирмизи, Зекет 28) буюруп, адамдарды өзгөчө бул айда зекет, садака жана битир садакалары менен дагы жакшылыкка үндөчү.

Фитир деген эмне?

Фитр жашаган ар бир адам үчүн брилген жаратылганына шүгүрчүлүк жана башы көздүн садакасы. Андан улам үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн фитр берүүгө жооптуу. Фитирге эң төмөнкү баа 1 күндүк тамактын акчасы. Фитр садака бере турган адам өзү бир күн бою канча акча менен курсагын тойгузса ошол өлчөмдү бере турган фитр катары белгилөөсү керек. Аз дегенде ошол өлчөмдө же андан жогору үй-бүлө мүчөлөрүнүн башына бериши керек.

Рамазанга тиешелүү намаз: Теравих

Рамазан айынын маанилүү şiârı таравих намазы. Жатаар алдындагы окулчу намаздан кийин 20 рекет окулган теравих намазын окуу сүнөөт. Пайгамбарыбыз (САВ) Рамазан айын күндүзү орозо, түнкүсүн намаз менен өткөрчү. Бул маанидеги хадисте Аллахтын элчиси мындай деп буюрат: “Алла Рамзан айында орозо тутууну парз кылды. Мен да Рамзан түндөрүндө таравих намазын окууну сүнөт кылдым. Ким ишенип, сообун Аллахтан күтүп Орозо тутса жана таравих намазын окуса энесинен төрөлгөн күндөй күнөөлөрүнөн тазарат” (Несаи, Сиям 40)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)