Рамазан майрамынын көркү балдар

Рамазан майрамынын көркү балдар
22-Май 2019, Шаршемби, 12:30

Балдарыбызга Рамазан айы эң сонун элестерди калтырмакчы. Майрам үчүн күн мурунтан алынган булгаарыдан жасалган бут кийимдер, кооз көйнөктөр, байпагына чейин алынган жаңы кийимдер менен коштолот. Дасторконго даярдык жана ага коюлуучу таттуулар. Ал тургай, жаш балдардын майрамга даярдык көрүп алган кийимдеринин көпчүлүгүн орозо башталардан мурда эле кийүүнү каалап, сатып алынган жаңы бут кийимдерин улам-улам “Качан киебиз” деп сурашып, чыйпылыктап тургандары кубантат.

Мына ушулардын балапандай болуп шашып тургандары, жубайлардын жоопкерчилигин дагы да болсо арттырмакчы. Ал эми биз ата-энелер балдарыбыздын кубангандарын көрүп олтуруп, керектелүүчү муктаждыктарыбызды алдын ала камдап алуу үчүн, алдын ала даярдык көрө баштайбыз. Кийимдерибизди жакшылап үтүктөп кийип, бут кийимдерди жаңы ала тургандарын алып, жыртылып калгандарын арапа күнгө калтырбай тиктирүү аракетин көрөбүз.

Ал эми, апаларыбыз үйлөрүн алдын ала тазалап, ирээтке келтирип, майрамга даярдык көрүп баштагандары кубантат. Майрамдын алдын кеч жатканыбызга карабай, майрам күнү үй-бүлөбүз менен таң эрте турганга аракеттенебиз. Качантен бери үй-бүлө мүчөлөрүнүн эрте менен чогуу тамактана албай жүргөндөргө, бир дасторкон алдында чогулуу эң соонун мүмкүнчүлүк болмокчу. Ошондой эле, жылуулук мээримин тартуулаган, бул ыйык Орозодо, айланабыздагы айрым жаш балдардын чыдагыс жоруктарына түшүнүү көз караш менен кабыл алабыз. Качантан берки акылыбыздан кетпеген айрым жаман ойлордон арылганга аракеттенебиз.

Мына ушул Орозодо меймандостукту сүйүп, жакындарыбызга бир гана жылмаюу тартуу кылайлы достор. Балдарыбыз менен чогуу башка аз камсыз үй-бүлөлөргө барып, аларга колубуздан келген жардамыбызды аябайлы. Биз бул жакшылыктарды кылуу менен бирге, өз балдарыбызга жакшы жактан тарбия үлгүсүн берген болобуз. Эгерде ушундай эле колуңуздан келип турса, анда өз балдарыңызга кийим сатып алууда, башкаларга да бир баштык жаңы кийимди белекке камдап койгонуңуз ашыкча болбос.

Бир туугандар бул майрамда чогулуп даамдуу тамактардын түрлөрүн жасаса, экинчи тараптан алардын бир туугандык мамилелери ортодо дагы да болсо чыңалмакчы. Ал арада жаш балдардын быйтыйган колдору менен тамактарды ташып жардам бергендери да ичти жылытат. Биз чоң үмүт менен ушул жакшылыктардын дүйнө жүзүнө тарашына жана келечегибиздин муундары болгон балдарыбыз ушул жакшы көз ирмемдерди көз жаздында ар дайым бирге алып жүрүүлөрүн тилек кылабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты