Кадыр түн

Кадыр түн
28-Май 2019, Шейшемби, 10:08

Бул күндү жер жүзүндө миллиарддаган мусулмандар күтүшөт. Аткени бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете. Албетте, сөз баарыбыз билген жана чыдамсыздык менен күткөн “Кадыр түн” тууралуу болууда. Мусулман адам кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат. Жаратканыбыз Кадыр түндү пенделерине чоң белек катары жөнөткөнүн аңдап жатсаңыз керек. Андыктан бул түндү өткөрүп жибербеңиз! Кадыр түн-күндүн батышы менен башталып, таң атканча уланат.

Ислам динин туткан элдердин арасында Кадыр түн (арабдарда Лалатуль кадр)-майрам! Пайгамбарыбыздын мындай деп айтканы бар: “Кимде-ким Кадыр түндөгү сыйынуусун, кылган иши үчүн сыйлык алаарына ишенип жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн гана кылса, анын кылган мурдагы күнөөлөрү кечирилет.

Пайгамбарыбыз: Рамазан айынын акыркы он күнүндө, көбүрөөк ибадат кылып,үй-бүлөсүн сыйынууга тургузуп, пайдалуу иштерди көп жасаган. Анткени Кадыр түн Рамазан айынын акыркы он күнүндө камтылган.

Кадыр түн жөнүндө Куранда Аллах Таала мындай дейт: “Акыйкатта биз аны Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түн эмне экендигин билесиңби?Кадыр түн-миң айдан да артыгыраак. Ал түнү Аллахтын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт.

“Кадыр” сөзүнүн дагы бир котормосу бар. Ал тагдыр түнү. Бул түндө жылдык өкүм чыгарылат. Башкача айтканда, так ушул түнү адамдардын жашоо мөөнөтү, байлыгы ошондой эле келээрки жылдагы боло турган нерселерге өкүм чыгат.

Миң айдан жакшыраак Кадыр түндү “Асыл түн” деп дагы аташат. Анткени бул күну кайсы адам болбосун, чын жүрөгүнөн Жаратканга ибадат кылса, анын сый-урматына жана ыраазычылыгына жетет.

Кадыр түнү периштелер, Адам ата жаратылып, алгачкы бактар жер жүзүнө отургузулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт