Эскертүү! Өрт чыкканда эмне кылуу керек? (инфографика)

Эскертүү! Өрт чыкканда эмне кылуу керек? (инфографика)
29-Март 2018, Бейшемби, 15:50

Тилекке каршы, биздин жашообузда адам өмүрүн алган кырсыктар болуп турат. Кээде аларды алдын алууга болот, бирок, адамдын абайсыздыгы менен байкабастыгынан түрдүү кырсыктар чыгып кетет. Ошондуктан мындай өзгөчө кырдаалдарда өмүрүбүздү жана жакын адамдарыбызды куткаруу үчүн жүрүм-турум эрежелерин билүү маанилүү болуп саналат.

Бүгүн биз өрт чыккан учурда өзүнүздү кандай алып жүрүшү керек экендигин эскертебиз. Бул эрежелерди балдарга үйрөтүү өзгөчө маанилүү болуп саналат.

Эмне кылуу керек жана кылууга болбойт?

1. Өрт өчүрүү кызматын чакыруу.

2. Өрт болгон учурда электр жана газды өчүрүү.

3. Бөлмөдөн чыгуунун жолун издөө керек.

Балдар менен бул эрежелерди кандайдыр бир имаратка барганда - мектеп, бала бакча, соода борборуна машыгып көрүүгө болот. Бала тегерегине көз чаптырып өрт болгон кезде кайда жугүрүү керек экенин билсин. Өзгөчө кырдаалдарга арналган эшик жана чыгуу жолдорун караштырыңыз. Текшерүү үчүн эвакуация схемаларын (дубалдарга илинген) же кызматкерлерден сураса болот.

4. Терезелерди чоң ачпаңыз, анткени кычкылтек өрттү жандандырат.

5. Жолдогу өрттүн кесепетинен бөлмөдөн чыгууга жол жок болсо, бир аз терезени ачып жардам сураңыз.

6. Эгер өрт жакын бөлмөдө чыгып жатса эшикти жакшылап жаап, түптөрүп чүпүрөк, кийимдер менен жабыңыз.

7. Шкаф, диван жана столдордун алдына жашынганга болбойт

Сөзсүз муну балдарга айтыңыз! Болбосо өрт өчүрүү кызматкерлерине балдарды табуу кыйын болот.

8. Бийик кабатардан секирүүгө болбойт.

9. Лифтке кирүүгө болбойт-аны өчүрүп салуулары мүмкүн.

10. Суу чүпүрөк аркылуу дем алыңыз.

Мындай учурда ар кандай суюктук жарай берет. Керек болсо заара дагы. Ал суюктук менен кийим, шарф, футболка жана башка чүпүрөктү суулап ал аркылуу дем алуу керек. Заара сууга карганда түтүн менен зыяндуу заттарды жакшы чыпкалайт.

Мында эч кандай уят жок. Балдарга бул эрежени айтканда күлө беришсин, бирок бул абал алардын жашоосун куткарып калуусу мүмкүн.

Белгилей кетчү нерсе, 2004-жылы Беслан мектебинде болгон террористик чабуул маалында туткундагы көпчүлүк балдар суусаганда заара куюлган бөтөлкөлөр аркылуу аман калышкан. Ал машыгуу залында өрт жана түтүн пайда болгон кезде аларды куткарган.

10. Көпчүлүк менен бирге бир багытта басыңыз. Токтобоңуз!

11. Чыгып жаткан кезде колду көкүрөккө коюп, чыканакты алдыны көздөй бир аз чыгарыңыз. Жолдогу тоскоолдуктарды жакшылап караңыз – тирөөчтөр, текчелер, ачык эшиктер.

12. Жыгылып кетсеңиз, тез туруңуз. Көзгө эмне көрүнсө кармаңыз – пальто, бут, джинсы, болгону туруу гана керек.

13. Күйүп жаткан кийимди чечиңиз же териге жете элек болсо, чүпүрөккө ороп, полго жатып алып тегерениңиз.

14. Түтүн (ышка) дем алып алсаңыз же күйгөн болсоңуз медициналык жардамга кайрылыңыз.

Бул эрежелерди жаттап алып досторуңуз менен машыгып көрүңүз. Эң негизгиси балдарга кыйын учурларда эмне кылыш керек экенидигин айтып бериңиз. Өзүңүзгө жана балдарыңызга сак болуңуз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!