Эмнеге дүйнөдө паспорттор төрт гана түстө болот?

Эмнеге дүйнөдө паспорттор төрт гана түстө болот?
22-Март 2017, Шаршемби

Белгилүү болгондой дүйнө жүзүндө паспорттор төрт гана түстө болот. Ошого байланыштуу ар бир өлкө бир гана түстү тандагандыгынын себеби бар. Эгерде аэропортто көпкө күтүп калган болсоңуз дал ушу маалыматты эстеп коюңуз.

Кызыл

Кызыл түс көп тараган өңдөрдүн бири. Кызыл түстөгү паспортторду коммунисттик доорду жашап өткөн же жашап жаткан өлкөлөр тандап алат. Аларга Словакия, Кытай, Сербия, Россия, Латвия, Румыния, Польша, Грузия, Евросоюзга мүчө өлкөлөр Хорватиядан тышкары, мамлекеттер кирет. Мындан сырткары ачык кызыл жана башка кызыл түстөрдү өздүк китепчелеринин сырткы кабыгына берилген. Евросоюзга мүчө болууну каалаган өлкөлөр мисалга алсак Турция, Македония жана Албания жакынкы жылдарда гана паспорттун өңүн кызыл түскө алмаштырышкан. Ошондой эле Анд улуттар уюмуна кирген-Боливия, Колумбия, Эквадор жана Перу да кызыл түстөгү паспортторго ээ.

Көк

Кийинки көп тараган өңдөрдүн бири болгон түс бул көк. Паспорттун көк түстөгү кабыгы “жаңы дүйнө” дегенди түшүндүрөт. Кариб өлкөлөрүнүн он беши көк түстөгү паспортторду колдонуп келишет. Ал эми түштүк Америка өлкөлөрүндө көк түстөгү паспорт Меркосур – соода уюму менен болгон карым-катнашты билдирет. Алар Бразиялия, Аргентина, Парагвай кирсе, Венесуэла гана кирбейт. Бул өлкө уюмга мүчө болгондугуна карабай калкы кызыл түстөгү паспортторго ээ. АКШ өлкөсүнүн паспорттору 1976-жылы гана көк түс болуп алмашкан

Жашыл

Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн паспортторунун түсү жашыл өңдө болот. Мисалга: Марокко, Сауд Аравиясы, Пакистан. Жашыл өң Мухаммед Пайгамбардын сүйүктүү өңү болгон, табияттын жана жашоонун символу катары эсептешет. Жашыл түстөгү документке Батыш Африканын эли: Буркина Фасо, Нигерия, Нигер, Берега Слоновой Кости жана Сенегал өлкөлөрү колдонуп келишет. Бул мамлекеттер Батыш Африка өлкөлөрүнүн Экономикалык уюмга мүчө (ЭКОВАС) болгондугу үчүн мындай түскө ээ болушкан.

Кара

Эң сейрек кездешкен паспорттор- сырты кара өңдөгү документтер болуп саналат. Мындай өңдөгү документтер африканын кээ бир өлкөлөрүндө бар. Алар Ботсвана, Замбии, Бурунди, Габона, Ангола, Чад, Конго, Малави жана башкалар. Ошондой эле Жаңы Зеландиялыктар да ээ, себеби кара өң аларда улуттук түс болуп саналат.

Төмөндө кайсы өлкөлөр кайсы түстөгү паспортторго ээ экени ар бир өңгө боёлуп көрсөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!