Балык майынын пайдасы

Балык майынын пайдасы
13-Апр. 2018, Жума, 11:11

Таң калычтуу нерсе, бирок медицина тармагындагы ийгиликтер менен көптөгөн жаңылыктардын ачылып жатканына карабастан балык майы ден соолугубузду жакшыртууда жана жаш курагыбызды узартуунун бирден бир дабасы болуп калууда.

Ошентсе да, жаңыдан чыгып жаткан азыркы технологиялар керегибизге жарап жатат деп айтсак да болот. Анткени балык майын какап-чакап кашыктан ичүүнүн кереги жок, жөн гана даамы жок капсулаларды сатып алсаңыз болду.

Балык майынын пайдасы кандай десеңиз?

  • Балык майы, өзгөчө балдар үчүн пайдалуу А жана D витаминдерине бай. Сөөктүн, тиштин, чачтын сактыгын жана иммундук системаны коргойт.
  • Итий оорусун алдын алат.
  • Жугуштуу оорулардан коргойт.
  • Теринин бузулушуна жол бербей турган мыкты антиоксидант болуп саналат.
  • Курамында сезгенүүгө каршы касиеттери бар. Мээнин жумушун жакшыртуучу, стрессти азайтуучу жана артриттин белгилерин менен астманы жеңилдетүүчү омега-3 майлуу кычкылдары бар.
  • Депрессияга каршы жана жүрөк, кан-тамыр системасы үчүн пайдалуу жактары бар.
  • Балык майы бардыгына пайдалуу – балык майынын каршы көрсөтмөлөрү менен зыяны жок десе да болот. Дарыгерлер аны өзгөчө организмди коргоо үчүн көбүнчө кыш мезгилинде кабылдоого кеңеш беришет. Бул дарынын стандарттык өлчөмү: тамак менен бирге бир капсуладан күнүнө үч жолу ичүү кажет.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!