Жаңгак жүрөккө кандай таасир берет

Жаңгак жүрөккө кандай таасир берет
19-Апр. 2018, Бейшемби, 11:03

Жаңгакты туруктуу турдө жеген жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алат. Швед дарыгерлери ушундай жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу “ria.ru” сайты маалымдайт.

Изилдөө жумуштарына Швециянын 45-83 жаш аралыгындагы 60 миң тургуну катышкан. Ыктыярчылар күндө кандай тамак түрлөрүн жей тургандыктарын, өмүр сүрүү салтын айтып беришкен, андан кийин дарыгерлер 17 жыл бою алардын ден соолугуна байкоо жүргүзүшкөн.

Ушул убакыт ичинде көзөмөлгө алынган адамдардын 4983дө жүрөк талмасы болуп, анын кесепетинен 917 адам каза болгон.

Окумуштуулар жаңгакты көп-көптөн жеген адамдардын жүрөгү жаңгак жебеген адамдарга караганда 20 пайыз аз ооруй тургандыгы аныкталды. Жаңгак жүрөк кан-тамыр системасына оң таасир берүүчү табигый май, минерал жана антиоксидантын булагы болуп табылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!