Кир жууган машинаны кандай тазалоо керек?

Кир жууган машинаны кандай тазалоо керек?
2-Май 2018, Шаршемби, 17:24

Бүгүнкү күндө кир жууган машиналар – турмуштук техникалардын ичиндеги эң керектүүлөрдүн бири. Ал эми алар узак убакыт кызмат кылуусу үчүн ар дайым тазалап туруш керек унутпаш керек. Кир жууган машинаны кебер басып кетпеши үчүн эмне кылыш керек?

Кир жууган машинаны тазалаган түрдүү каражаттардын жарнамалары аркылуу баардыгыбыз кир жууган машиналарды кебер басып кетерин билебиз. Ал эми ошол жарнамадагы каражат канчалык жардам берет? Алардын пайдасы барбы?

Алгач, кир жууган машинанын кебер басып кеткендигинин себебин түшүнүп көрөлү. Анын биринчи себеби – хлор суу. Кир жууган учурда хлор суунун тузу машинанын тешиктерине жыйналып, кеберге айланат. Анын аягы кир жууган машинанын бузулушуна алып келет. Ал эми жарнамаларда айна менен бирге салынат деп көрсөтүлгөн кебер тазалоочу каражат менен суюктуктар кеберди тазалабайт, ал болгону хлор сууну жумшартат.

Лимон кычкылы менен тазалоо

Ал үчүн 60 грамм лимон кычкылын (орто сыйымдуулуктагы кир жууган машиналар үчүн) кир жууган машинанын айна салган жерине салып, машинаны толук жуу режимине кошуңуз. Ал эми эгер өтө кебер болуп кеткен эмес болсо, 60 градуста жууган режимге кошуга болот. Жуулуп бүткөндөн кийин эшигин ачып, барабанды кургатыңыз. Машинаны тазалоо үчүн иштеткенде анын ичине кир кийим салууга болбой турганын унутпаңыз.

Эсиңизде болсун, лимон кычкылынын өлчөмүн ашык салбаш керек! Чамадан көп колдонуу терс таасир берерин биле жүрүңүз.

Кир жууган машинаны жагымсыз жыттан тазалоо жолу

Жагымсыз жыт менен көк басуу кир жууган машинаны кургатпай койгондуктан келип чыгат. Ошондуктан ар бир кир жууган сайын машинаны (ичинен да, сыртынан да) толугу менен кургатуу керек.

Көк техника үчүн гана эмес, адам ден соолугу үчүн да өтө кооптуу. Эгер машинаны көк басып кеткен болсо, уксус менен тазалаш керек. Ал үчүн 2 стакан уксус (4 киллограмдагы машина үчүн) кир жууган машинанын ичине куюңуз. Эң узак режимге коюп, 5 минуттан кийин 1 саат токтотуп туруңуз (пауза). Андан кийин кайра иштетиңиз. 1 саат убакытта уксус машинанын бардык жерине жетип, жытты жоготот. Жуу убактысы аякталгандан кийин кездемеге уксусту малып алып, кол жеткен жерлерди толугу менен сүртүп чыгыңыз. Машинаны тазалоо учурунда анын ичинде кир кийим болбошу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!