Ашкана сырлары: кызыл кызылча

Ашкана сырлары: кызыл кызылча
10-Май 2018, Бейшемби, 11:44

Кызыл кызылча бат бышыш үчүн 30 мүнөт сууда кайнатып, андан соң агып жаткан муздак суунун астында 15 мүнөт кармоо керек. Температуранын алмашканынан ал тез жумшарат жана витаминдер жакшы сакталат.

Бул жашылчаны микротолкундуу меште, 900 Вт кубаттуулукта бышырууга болот. Ал үчүн аны атайын айнек идишке салып, капкагын жаап, мешке 17-20 мүнөт салуу жетиштүү.

Кызылчаны бышырып жатканда чыккан жагымсыз жыттан арылгыңыз келсе, анда ал кайнап жаткан сууга бир үзүм нан салып коюңуз.

Жашылчада баалуулуктар сакталыш үчүн туз кошпой бышырган оң.

Бышкан кызылчаны муздаткычта 2 күндөн ашык сактоого болбойт.

Кайнатып жаткан сууга бир аз лимон кислотасын же кумшекер кошуп койсоңуз, өңү кыпкызыл бойдон сакталат жана туураганда ширеси аз бөлүнөт.

Соолуп бараткан кызылчаны бир нече саатка жылуу сууга чылап койсоңуз, калыбына келет.

Жаш кызыл кызылча үй температурасында 6-7 күн, муздаткычта 20 күнгө чейин сакталат. Ал эми кышкыга сакталуучу кызылчаларды ороодо кумга көмүп сактоо керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!