Бакчаңызды зыянкечтерден коргоонун жолдору

Бакчаңызды зыянкечтерден коргоонун жолдору
29-Май 2018, Шейшемби, 11:02

Бакчадагы бак-дарактардын жалбырактары чыккандан баштап түрдүү зыянкечтер менен оорулар пайда боло баштайт. Ошондой эле түрдүү жер семирткичтер менен камсыз кылып туруу зарыл. Ошондуктан жер семирткичтер менен зыянкечтерге арналган дарылардын жөнөкөй жолдорун биле жүрсөңүз бакчаңыз мол жана сапаттуу түшүм берет.

Кадимки помидор жалбырактарынын өзү бакча өсүмдүктөрү үчүн таптыргыс азык жана түрлүү курт-кумурскалардан коргоочу дары экенин биле жүрүңүз.

Помидордун эң төмөнкү жагындагы жалбырактарын кесип алып суу куясыз да, 1 күн тундуруп коюп, капуста, чалкан, ашкабак, бадыраң сыяктуу бакча өсүмдүктөрүнө ар түрдүү зыянкечтерди жок кылуучу дары ордуна пайдалансаңыз болот. Дагы бир сыры – эгер тунманы дагы бир күн коюп ачыта турган болсоңуз, ал бардык бакча өсүмдүктөрү үчүн жакшы жер семирткич болуп берет.

Эгер помидор көчөттөрүн эккенден кийин бир жолу күчтүү эмес йод эритмеси менен (3литр сууга 1 тамчы йод) сугарсаңыз, гүлдөгөн бүчүрлөр тез өз калпына келип, түйүндөрү көбөйө түшөт. Мындай помидорлордун түшүмү башкаларга караганда 10-15 пайызга чоңураак болуп тез бышып жетилет. Биринчи суугарылгандан киин арадан эки жумадан кийин йодду сууну ар бир түпкө 1литр (3тамчы йод 1 чака сууга) куюп чыксаңыз болот.

Бакчадагы жоону суу менен гана эмес, анда-санда күчтүү эмес күл (1чака сууга 250гр 1стакан күл) же болбосо өтө күчтүү эмес марганец менен азыктандырып турсаңыз, бардык зыянкечтерден кутулуп, сапатуу, таза түшүм ала аласыз.

Кулпунайдын чирип кетүүсүн сактоо үчүн түбүнө йодду (10мл 10л сууга) чачсаңыз. Болот. Арадан 10 күн убакыт өткөндөн кийин кайра чачуу керек.

Ал эми кулпунайды куштардан сактоо үчүн, гүлдөгөн малдан баштап арасына бышкан жемишке окшош томолок таштар же жаңгак таштап койсоңуз, сиздин жемишиңиз бышканча куштар мында жегенге эч нерсе жок экенин түшүнүп кайра жолобойт.

Ошондой эле, бакча үчүн пайдалуу жер семирткич менен зыянкечтерген арналган дарыны карагай кылкандарынан да жасоого болот. Ал үчүн 1 кг кылканды 5 литр сууга аралаштырып, 1 жумага караңгы жерге коёсуз. Кылкандагы керектүү заттарды чыгаруу үчүн бир жума бою күнүнө 1 жолу аралаштырып турасыз. Тунманы сүзүп бир аз суу аралаштырып, чачасыз жана ушул 5 л тунманы 20 гр суюк самын аралаштырсаңыз тасири артат. Тунманы бакчага кечки убакта чачкан оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
77 жаштагы пенсионер муздун түбүнөн 10 метр сүзүп өттү
77 жаштагы пенсионер муздун түбүнөн 10 метр сүзүп өттү
Жээнбеков ипотекалык насыялоо программасын жүрүшү менен таанышты
Жээнбеков ипотекалык насыялоо программасын жүрүшү менен таанышты
Таиланддын аралчасына белгилүү ырчыны унутуп кетишкен
Таиланддын аралчасына белгилүү ырчыны унутуп кетишкен
2018-жылдын эң мыкты унаалары аныкталды
2018-жылдын эң мыкты унаалары аныкталды
Нью-Йоркто эски көпүрө жардырылды (видео)
Нью-Йоркто эски көпүрө жардырылды (видео)
"Человек-паук: вдали от дома" тасмасынын трейлери (видео)
Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?
Кантип чет өлкөдөн бекер билим алса болот?
Дача-СУда авиакырсыктан курман болгондор эскерилди
Дача-СУда авиакырсыктан курман болгондор эскерилди
Момбеков: Токтомду чыгарып берген акимдин үйүн биринчи бузуш керек! (видео)
Момбеков: Токтомду чыгарып берген акимдин үйүн биринчи бузуш керек! (видео)
Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө көңүл бурат
Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө көңүл бурат
Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды
Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды
Бек Борбиев кимдерге сын айтты?
Бек Борбиев кимдерге сын айтты?
Ошто 14 жаштагы бала чөп байлоочу жипке асынып алды
Ошто 14 жаштагы бала чөп байлоочу жипке асынып алды
Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)
Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)
​Денис Тенди өлтүргөндөрдү 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты
​Денис Тенди өлтүргөндөрдү 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты
Самара Каримова: Эркек болуп туруп майдалана берет  экенсиз...
Самара Каримова: Эркек болуп туруп майдалана берет экенсиз...