Сары майдын пайдасы менен зыяны

Сары майдын пайдасы менен зыяны
7-Июнь 2018, Бейшемби, 16:32

Азыркы күндө сары майдын пайдасы менен зыяны тууралуу пикирлер өтө көп. Бирөөлөр аны ден-соолукка кооптуу азык десе, башкалары сары майды тамак-аш рационунан алып таштоо андан да кооптуу дегендер да аз эмес.

Курамы

Сары май минералдуу заттарга бай сүт азыктарынын бири. Анын курамында калий, фосфор, кальций, натрий, селен, магний, темир, цинк жана марганец бар. Ага кошумча кээ бир түрлөрүнүн курамында А, Е жана К витаминдери менен катар РР, В1, В2, В5 жана D витаминдерин да кездештирүүгө болот. Сары майдын курамындагы майдын өлчөмү адам организмине керектүү чамадан 2,5 эсе көп экендигин эске алуу керек. Ушул абал холестеринге да катыштуу.

Зыяны:

— Сары май ашыкча салмак менен зыян тарткан адамга албетте терс таасир берет.

— Сүт азыктарына, анын ичинде уйдун сүтүнө аллергиясы бар адамдарга сары майды колдонбошу керек.

— Сары майдан алыс болуунун дагы бир себеби- анын курамындагы холестерин өлчөмүнүн өтө жогору болушу.

Пайдасы:

Аялдын организминде холестерин жетишпеген кезде, бул аны тукумсуздукка алып келет. Ага кошо, майды аз колдонуу – менопауза убакытын жакындатат. Өзүнүн тамак-аш рационуна керектүү өлчөмдө сары май кошкон адамдын ашказанындагы кичинекей жаралар жазыла баштайт. Ошондуктан ашказаны ооруган адамдарга сары майдан баш тартпаганы оң.

Күнүнө желген 50 грамм май көз менен сөөктүн сактыгына кепилдик боло алат. Сары май адамдын иммунитетин бекемдеп, активдүүлүгүн артырат. Организмге керектүү өлчөм

Сары майдын зыяны менен пайдасын бир тараза башына коё турган болсок пайдасы басымдуурак экендигине көз жеткире алабыз. Сары майдан таптакыр баш тартуу, ден-соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Бирок эгер күнүмдүк тамак рационуна 30 грамм сары май кошо турган болсоңуз, бул сиздин сымбатыңызга эч кандай коркунуч туудурбайт, организмиңизден бекем болушуна жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!