Жер-жемишти кайнатуу, кууруу, бышыруу

Жер-жемишти кайнатуу, кууруу, бышыруу
8-Июнь 2018, Жума, 10:42

Жер-жемишти кандай туура кайнатуу керек?

Витаминдерди сактап калуу үчүн жер-жемишти кайнаган сууга салыш керек. Жер-жемишти ылдам кайнатып алган оң. Ал үчүн аны тез отко коюш керек. Ушундайча сиз алардын пайдалуу касиеттерин көбүрөөк сактайсыз.

Бирдей бышыруу үчүн бирдей бөлүктөргө туурап салыш керек.
Аларды кайнатып жатканда эмес, даяр болуусуна аз калганда туз кошуңуз.

Шорпо бышырганда баарын бир салбаңыз. Алгач катуу жер-жемиштерди (сабиз, кызылча), андан кийин жумшактарын салыңыз.



Жер-жемиштерди кантип туура бышыруу керек?

Жер-жемиштерди бышырган кезде майды болушунча аз кошуу керек.

Жер-жемиштер эмалданганн казанда гана бышырылат. Капкагын катуу жабыш керек. Бош капкактан аба кирип, витаминдерин жоготот.

Жер-жемиштерди даярдап жаткан кезде температура бир калпта болушу кажет.

Жер-жемиш бышырылган суюктуук катуу кайнабаганы оң.

Жер-жемиштерди кантип туура кууруш керек?

Жер-жемиштерди кастрюлда кууруйт.

Эгер кууруганда майды аз кошсоңуз жемиштерди кубик кылып, тилимдерге тураган жакшы.

Кастрюлга салаардан мурда туздап алган оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!