Үйүңүздө кондиционер болбосо

Үйүңүздө кондиционер болбосо
9-Июнь 2018, Ишемби, 10:11

Үйүңүзгө аба муздаткычын (кондиционер) алып жетише элек болсоңуз, кам санабаңыз. Ысык күндө тынч уктоонун түрдүү ыкмалары бар.

1.Уктоочу бөлмөңүздүн эшигин ачып коюңуз. Бөлмөдөгү аба салкын болуш үчүн, тазартып туруш керек. Эгер бөлмөңуздүн жаап таштасаңыз аба циркуляциясы жүрбөйт. Ошондуктан уктаар алдында эшикти ачып коюңуз.

2. Оор тамак жебеңиз. Күнү бою жеген тамагыңыз уйкуңузга да таасир берерин эстен чыгарбаңыз. Өзгөчө жайдын күнү ашыкча тамак жебеңиз. Чамадан сырткары жесеңиз, денеңиз ашыкча энергия иштеп чыгууга аргасыз болот.

3. Жабынып жаткан төшөктөрүңүздү муздаткычта 15 мүнөт кармаңыз. Ошону менен бирге, жоолук же суу толгон бөтөлкөнү да салып коюңуз. Кийин жаткан бөлмөңүзгө алып барыңыз. Бөлмөңүз заматта салкындайт.

4. Муздак душка түшүңүз. Тынч уктоо үчүн денеңиздин температурасынын өлчөмүн бир аз түшүрүңүз. Ал үчүн салкын сууга түшүңүз. Денеңизди салкындатууу менен бирге, чаң менен терден арылып, териңиз туура дем ала баштайт.

5. Уйкудан бир саат мурда муздак суу ичиңиз. Салкын душ сыяктуу да тийгизген пайдасы көп. Болгону алкоголдук суусундуктар менен кофеинден баш тартыңыз: алар уйкуну бузат.

6. Кийимсиз уктаңыз. Организм жакшы дем алат. Эгер кийимсиз уктоону жат санасаңыз уктаарда кийген кийимиңиз таза пахтадан жасалган болсун. Бул материал организмдин дем алуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!