Шейшепти канчалык тез алмаштырып туруу керек?

Шейшепти канчалык тез алмаштырып туруу керек?
19-Июнь 2018, Шейшемби, 13:04

Нью-Йорк медицина мектебинин окумуштуулары жуулбаган төшөктүн сыркы шейшеби адамдын дем алуу жолдору менен терисине кооптуу ооруларга себеп болоорун аныкташты.

Төшөк жабдыктарында грибоктор, бактериялар, жүндөр, тери, тери клеткалары, аялдардын косметикасынын калдыктары болот.

Бир жарым жылдан жыйырма жылга чейин колдонулган төшөк жабдыктарында грибоктордун 17 түрү болот экен.

Ал эми адамдын жашоосунун үчтөн бир бөлүгүн төшөктө өткөрөрүн эске алсак, бул көптөгөн ооруларга себеп болот. Ошондуктан, азыркы күн ысыган кезде төшөктү сыртка жайып, кургатып, шейшебин бир жумада бир жолу алмаштырып жууп туруш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!