Эмнеге топчулар кийиминде оң же сол жакта орун алган?

Эмнеге топчулар кийиминде оң же сол жакта орун алган?
20-Июнь 2018, Шаршемби, 10:47

Эркектердин кийимдеринин топчулары оң жакта орун алат. Себеби адамдардын көпчүлүгү оң кол менен жумуш жасашат, топчуну да оң кол менен топчулашат.

Ал эми аялдардын кийимдеринде сол жакта жайгашкан. Эмнеге? Илгери топчулар баалуу таштар менен кымбат материалдардан жасалып турчу. Ошого байланыштуу андай кийимдерди абалы жакшы, бай аялдар гана кызматчыларынын жардамы менен кийишкен. Ошондуктан топчулар кызматкерлердин топчулоосуна ыңгайлуу болсун деп сол жагына тигилген экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!