Терчилдиктен кантип кутулууга болот?

Терчилдиктен кантип кутулууга болот?
21-Июнь 2018, Бейшемби, 15:30

Денеден тердин бөлүнүшү- организмдеги ишке ашып турчу маанилүү функция. Денебизде ашыкча суюктук болгондуктан, анын сыртка чыгуусу-мыйзамдуу көрүнүш. Бирок дененин кээ бир бөлүктөрүнүн бат-баттан тердеп турушу ыңгайсыз абалды туудурат. Тактап айтканда, жагымсыз жыт чыгып, андан кутулуу кыйынга турат.

Ал эми ашыкча тердин чыгышы ыңгайсыздык гана эмес, ал ден-соолукта бир оорунун бар экенин билдирет. Мындай абал көбүнчө нерви жука же болбосо туберкулез менен ооруган адамдарда көп кездешет. Ал эми дени сак адам оор жумуш иштегенде жана ысыган кезде гана тердеши белгилүү. Ошондой эле, терчил болуу кийимге да байланыштуу. Дарыгерлер синтетикалык жана тар кийимдерди кийбөөгө кеңеш беришет. Ошого байланыштуу терчилдиктен кутулуунун элдик ыкмалары менен бөлүшө кетмекчибиз.

Бул жолу жалбыздын пайдасы көп. Ал үчүн бир ууч жалбызды бир литр суда кайнатып, муздатып алабыз. Даяр болгон суюктукту күндө жатар алдында колтукту тазалап, тунма менен чайкайсыз. Күндөлүктү 1 ай бою уланган эмдөө ыкмасы өз натыйжасын берет. Убакыт өткөндөн кийин колтуктун асты тердебей, жыттанбай калат. Эгер мүмкүн болсо ар бир эки айда бир жума кайталап турсаңз ашыкча болбойт. Жалбыздын жөнөкөй дарыканаларда жана базарларда сатыларын эскерте кетмекчибиз.

Ошону менен бирге, колтуктун терчилдигин басуу үчүн 1 чай кашык емен кабыгына (кора дуба) бир стакан кайнаган суу куюп, лимон ширесин кошуу керек. Ушул тунманы кездемеге малып алып, колтукту сүртүп журсөңуз терчилдиктен аз-аздан жоголот. Ошондой эле, бат тердеген колтукту ашкана содасы кошулган жылуу суу менен сүртүп же жууп жүрүңүз. Тердин бөлүнүүсү азайып калат.

Мындан сырткары, терчилдиктен арылууда дарыгер менен кеңешип жалпы организмдин иммунитетин күчтөндүрүүчү дары-дарымектер менен катар микроэлементтерге бай витаминдерди үзбөй пайдаланып туруш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!