Адам баласы менен курма багынын 7 окшоштугу

Адам баласы менен курма багынын 7 окшоштугу
22-Июнь 2018, Жума, 11:46

1. Адам сыяктуу курма (финик) бактарынын да орточо жашы 60-70 жыл. Ал эми эң узак жашагандары 100-110 жыл.

2. Адам сыяктуу курма багынын эң жемиштүү учуру 15-45 жаш аралыгында болот. 60 жаштан кийин жемиш бербейт.

3. Курма бактары да адам сыяктуу эркек-ургачы болуп бөлүнөт. Адам чачы сыяктуу эркектердин жалбырагы тик жана каска болсо, ургачыларыныкы узун жана жапыз жайылып өсөт.

4. Алар башка өсүмдүктөр сыяктуу чаңдашуу жолуу аркылуу эмес, уруктандыруу аркылуу көбөйөт. Эркегинин уругун алып, ургачысына салып, колго уруктандырылат экен.

5. Жаш бутак эненин курсагы сыяктуу сабагынан томпойуп өсүп чыгат. Белгилүү бир убакыттан кийин ал ургачы курма багынан бутагы менен бөлүнүп алынат да, жакын жерге отургузулат. Эегр энесинен алыс отургузулса, өлүп калат.

6. Адамдын башы сыяктуу курма бактарынын да жогорку жагында «төбөдөгү уюк» аттуу тоголок башкаруу системасы орун алган. Башка бактардын жогорку жагын кесип алып таштасаңыз, жанынан бутагын жайып, өсүп кете берет. ал эми курма антип өсө албайт. Чокусундагы уюкту кесип таштасаңыз, бак курап калат.

7. Адам суусуз өмүр сүрө албайт. Курма багы да башка бактарга караганда сууну көбүрөөк талап кылган өсүмдүк. Бакты күнүнө суугарып туруу керек экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!