Асыл таштар тууралуу кызыктуу маалыматтар

Асыл таштар тууралуу кызыктуу маалыматтар
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 16:03

Бүгүнкү күндө 4 миңден ашык баалу таштын турү белгилүү. Алардын баары кол менен табылат...

Алмаз – бир гана химиялык элементтен (көмүртек) турган дүйнөдөгү эң баалуу таш.

Адамдардын басымдуу көпчүлүгү алмазды түссүз болот деп ката пикир айтышат.

Минералдардын саны азайып бара жаткандыктан, алардын баасы да кымбаттай түшөт. Минералдардын катуулук даражасын аныктаган Моос таразасы пайда боло электе аларды түстөрүнө карап таанышкан.

Чыныгы изумруд (көк-жашыл түстүү) асыл таштардан да кымбат.

Лаал (рубин) менен сапфирден айырмачылыгы жок. Болгону түстөрүндө бир аз өзгөрүү байкалат.

Александрит (жарык түсүнө карай ар түрдүү түс менен кулпуруп турган асыл таш) Александр ханзаданын урматына коюлган.

Дүйнөдөгү кызыл изумруд өте сейрек кездешет. Аны Американын Юта штатынан гана табууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!