Бөлмө гүлдөрүнө арналган пайдалуу кеңештер

 Бөлмө гүлдөрүнө арналган пайдалуу кеңештер
25-Июль 2018, Шаршемби, 15:14

Терезе алдындагы "кичинекей бакчабыз” көздү кубантып, жакшы маанай тартуулайт. Аларды туура карап, гүлдөр өздөрүн жакшы сезүүсү үчүн бардык жагдайды жасашыбыз керек. Бүгүн гүл өстүрүүдөгү пайдалуу кеңештерди сунуштамакчыбыз.

Кант
Кант — бөлмө гүлдөрүн коргоо үчүн колдонулган табигый жер семирткичтердин бири. Кантты топуракка сээп же суу менен аралаштырып куят. Эгер суу менен аралаштыра турган болсоңуз, 10 гр кантты 200 мл сууда эритесиз. Бул эритинди менен гүлдү жумасына эки жолу сугарып турасыз. Ошону менен катар, дарыканадан глюкоза сатып алып, 1 таблетка глюкозаны 1 л сууга эритип, бөлмө гүлдөрүн сугарса болот. Мындай эритиндилерди гүлдөрдүн жалбырактарына чачса да жакшы. Бул алсыз жана ооруп турган гүлгө жакшы жардам берет. Ал эми жакшы өсүп жаткан гүлгө мындай ыкманы колдонбой деле коюңуз.

Кофе

Кофе ичкенден кийин анын калдыгын төкпөңүз, аны топурак менен аралаштырыңыз. Бул жер семирткичтен кийин топурак борпоң боло түшөт. Ошону менен бирге, топурактын кычкылдыгы арта түшөт. Семирткич катары кофени гана эмес, чайдын чамасын да пайдаланышат. Бирок абайлаңыз, себеби топурактагы чайды чиркейлер жакшы көрөт.

Цитрус жана башка жемиштер

Бөлмө гүлдөрүн өстүрүүдө апельсин, мандарин жана банандын кабыгы жакшы жардам берет. Мындай семирткичти даярдоо үчүн апельсиндин же мандариндин кабыгын майдалап туурап, 1 литрлик банкага салып, тууралган кабыктар баткыдай кылып кайнаган суу куясыз. Бир күн тургандан кийин банканын ичиндеги кабыктарды алып таштап, анын ширесине 1 л банка толгончо таза суу куясыз. Андан соң гүлдөрдү сугара берсе болот.

Күл

Күл — магний, темир, фосфор, кальций жана күкүрт сыяктуу пайдалууу химиялык элементтерден турат. Гүлдөрдүн жакшы өсүүсү үчүн күлдү топурак менен аралаштыруу керек. Ошону менен катар, күлдөн суюк семирткич даярдоого болот. Ал үчүн 20 гр күлдү 100 мл сууга эритиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Шайлоо: Атаандаш талапкерлер кол алышкан жок
Шайлоо: Атаандаш талапкерлер кол алышкан жок
Apple жетекчилери 20 долларлык Samsung көтөрөт
Apple жетекчилери 20 долларлык Samsung көтөрөт
Шайлоодо жаңылганына жаза катары сөөмөйүн кести
Шайлоодо жаңылганына жаза катары сөөмөйүн кести
Кубанычбек Кулматов судьяны тамашага салды (видео)
Кубанычбек Кулматов судьяны тамашага салды (видео)
Асема Токтобековага көз артып, ушактаган ким?
Асема Токтобековага көз артып, ушактаган ким?
Сьездбек Искеналиев: “Өзүмө аябай жагат, бирок бааланбай калды...”(видео)
Сьездбек Искеналиев: “Өзүмө аябай жагат, бирок бааланбай калды...”(видео)
Соода айырбаштоо жолу менен жүрөт
Соода айырбаштоо жолу менен жүрөт
Мирбек Атабековдун аялы Мээрим: ”Биз сени ушунчалык күткөн элек...”
Мирбек Атабековдун аялы Мээрим: ”Биз сени ушунчалык күткөн элек...”
Путиндин лимузининин жасалгасыз көрүнүшү (видео)
Путиндин лимузининин жасалгасыз көрүнүшү (видео)
Ошто
Ошто "​Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу иш-чара өтүүдө
Жээнбеков Индиянын жана Пакистандын президенттерине көңүл айтты
Жээнбеков Индиянын жана Пакистандын президенттерине көңүл айтты
​Бүгүн Орусияда UFCнын экинчи мелдеши башталат (видео)
​Бүгүн Орусияда UFCнын экинчи мелдеши башталат (видео)
​Месси Чемпиондор лигасынын аптадагы эң мыкты футболчусу аталды
​Месси Чемпиондор лигасынын аптадагы эң мыкты футболчусу аталды
Мамкаттоо кызматынын төрайы Алина ​Шаикова кызматтан бошотулду
Мамкаттоо кызматынын төрайы Алина ​Шаикова кызматтан бошотулду
Айдоочусу болбогон кемелердин флоту түзүлөт
Айдоочусу болбогон кемелердин флоту түзүлөт
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат