Лимон кабыгын таштабаңыз

Лимон кабыгын таштабаңыз
28-Июль 2018, Ишемби, 15:33

Лимон – көптөгөн ооруга шыпаа. Анткени лимон витаминге бай. Баш ооруганда, кантсыз кофеге лимон тамызып ичүү керек.

Лимонду тырмактуу бекемдөө үчүн пайдаланууга болот. Аны тырмакка сүйкөп, лимон ширеси кошулган каша жасаңыз. Көк чай менен лимонду аралаштырып, бетке маска даярдоого болот. Ал бетиңиздин чырайын ачат. Лимон кошулган суу менен чачыңызды чайкасаңыз, ал чачыңызга көлөм берет. Лимон кошулган сууга бутуңузду салсаңыз, буттун чарчаганы басылат. Лимон менен таманды сүртүп туруш керек.

Лимон кабыгын таштабаңыз. Аны кайнаган ысык сууга салып койсоңуз, бир аздан кийин жакшынакай жыпар жыттуу суу даяр болот. Аны менен денени, чачты чайкап турса болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!