Эмнеге күнгө каршы лосьондор жардам бербейт?

Эмнеге күнгө каршы лосьондор жардам бербейт?
2-Авг. 2018, Бейшемби, 15:45

Изилдөө натыйжалары көрсөткөндөй, күнгө күйүүдөн коргоочу лосьондор менен кремдердин адамдарга таасири аз, керек болсо, алар күндөн коргошпойт. Бул тууралуу “BBC” маалымат булагы маалымдайт.

Ошенткени менен “King's College” окумуштууларынын айтуусу боюнча, буга лосьондордун эмес, адамдардын колдонуу ыкмалары таасир берген.

Теориялык жактан алып караганда күндөн коргоочу куралды, мисалы, (SPF) 15 колдонуу күндүн терс таасиринен коргоо үчүн жетиштүү. Изилдөө авторлорунун айтуусу боюнча, коопсуздук максатында SPF 30 же болбосо 50нү колдонгон оң.

Изилдөөчүлөр ыктыярчылар менен эксперименттерди жүргүзүшкөн. Профессор Энтони Янгтын билдирүүсү боюнча, 50 коэффициенти бар лосьондор керектүү коргонуунун 40 пайызын бере алат. Анын командасы изилдөө учурунда ар түрдүү “SPF” көрсөткүчү бар түрдүү лосьондорду колдогон адамдарга байкоо жүргүзүшкөн.

Лосьондорду кандай туура пайдалануу керек?

Күндөн коргогон кремдерди негизинен калың кылып сүйкөш керек. Бирок, көпчүлүгү андай кылышпары белгилүү болду.

“SPF” көрсөткүчү 2 миллиграмм крем денедеги теринин 1 чарчы сантиметрине ылайыкталган. Тактап айтканда, орто жаштагы адам күндөн коргонуу үчүн денесине 36 грамм, тагыраагы, болжол менен алты толук чай кашык лосьон сүйкөш керек. Анын ичинде ар бир колго, бет менен моюнга, кулактарга жарым чай кашык кремден кетет. Ал эми бут менен ичке, аркага бир чай кашык кремден сүйкөгөн оң. Ошону менен катар күндөн коргогон кремди убакыт өткөндөн кийин кайра сүйкөгөндү да унутпаган маанилүү.

Улуу Британиянын дерматологдор ассоциациясынын айтуусу боюнча, кремди сүйкөгөндөн кийин күнгө чыкпай 15-30 мүнөт күтүп, аны териге абдан жакшы сиңирүү керек. Ошондой эле, ар бир эки саат сайын жана сууга түшүп чыккандан кийин да крем менен лосьондорду кайра сүйкөш керек.

Кээ бир лосьондордун сыртында алардын сууга туруштук берерин, суудан чыккандан кийин дагы терини күндөн коргоо касиетин жоготпой тургандыгы жазылган. Ошенткени менен суудан чыккандан кийин жана денени кургаткандан кийин денеге сүйкөлгөн кремдин 85 пайызы жоголуп кетет.

Дермотологдордун айтуусу боюнча, күнгө көбүнчө ачык түстүү, меңи менен сепкили көп, чачынын түсү ачык болгон адамдар тез күйүшөт.

Улуу Британиянын дерматологдор ассоциациясынын өкүлү Нина Гоаддын айтуусу боюнча, бул изилдөө көбүнчө “SPF30” жана андан да жогору коэффициентти тандагандын туура экенин көрсөттү. «Ошондой эле, биз жалаң гана күндөн коргогон кремдерге ишенип калбашыбыз керек. Кийим менен көлөкө да ушундай эле жардам бере алат»,-дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!