Ич өткөндө эмне кылуу керек?

Ич өткөндө эмне кылуу керек?
9-Авг. 2018, Бейшемби, 16:23

Жай мезгили келээри менен ар кандай оорулар көбөйүшү мүмкүн. Алардын бири ич өтүү. Ысыктын күнү бат бузулчу жана тазалыкка жооп бербеген тамак-аштар, муздак суусундуктар ич ооруга алып келет.

Ич өтүүнүн белгилери

38ден жогору табыңыз көтөрүлөт

Ич өтүү менен бирге кусуу коштолот

Оозуңуз кургайт

Үй шартында кантип алдын алуу керек

Бир литр кайнатылып муздаган сууга: 1 аш кашык шекер, 1 чай кашык туз жана 1 чай кашык соданы аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы бат-баттан ичүү керек.

Эсиңизде болсун ич өткөндө организмдеги суу азаюу менен бирге калий, натрий микроэлементтери да азаят. Ошондуктан жүрөк оорусу козголуп, баш оору күчөп адам өзүн жоготууга чейин барат.

Ачык турган коомдук жайлардан колуңуздан келсе тамак-аш сатып алып жебеңиз. Анткени ачык абада турган тамак-аштарда микробдор чогулат.

Жай айында муздак жана тоңдурулган сууларды көп ичебиз. Мына ошолордон да абайлаңыз. Анткени, сиз билбейсиз ал суулардын кандай шартта, кантип тоңдурулгандыгын.

Коомдук жайларда жуулбаган мөмө-жемиш жана жашылчаларды жебешке аракет кылыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!