Дары сайылган дарбызды кантип аныктоого болот?

Дары сайылган дарбызды кантип аныктоого болот?
15-Авг. 2018, Шаршемби, 13:47

Дарбыздын 90 пайызы суудан турат. Анда жеңил сиңе турган фруктоза, глюкоза жана сахароза 13 пайызга чейин жетет. Андыктан кант диабети менен жабыркагандар да жесе болот. Бирок, аз өлчөмдө гана жегенге мүмкүн. Мындан сырткары B1 B2 C PP витаминдерине бай. Буга карай дарбыздын түзүмүндө темир, магний, кальций, натрий, фосфор кислоталары бар. 100 граммдын дарбыз азыгында болгону 38 килокалорий бар.

Дарбыз жүрөк-кан тамыр жана бөйрөктүн функциясынын иштөөсүн жакшыртууга жардам берет. Башкача айтканда организмдеги ашыкча токсиндерди бөлүп чыгарат. Ошондой эле астма оорусу менен ооругандарга да пайдасы жакшы. Мисалы, кандагы холестиринди түшүрүүгө жардам берет.

Дары менен өстүрүлгөн дарбызды кантип айырмалоого болот?

Дары менен бышкан дарбыздын сапатынын өңү билинер-билинбес түстө болот. Жакшы бышкан дарбыздын эти бүртүкчөлөнүп турат. Сыртындагы ак түс саргыч келет. Дарбызды бираз кесип алып аны өзүнчө айнек идиштеги салып сууга салып көрүңүз. Эгер дарбыз жакшы болсо суу жөн эле булганып калат. Зыяндуу болсо суу кызыл же кызгылтым түскө боёлуп калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!