Бадыраңдын пайдалуу жактары

Бадыраңдын пайдалуу жактары
8-Сен. 2018, Ишемби, 10:56

Күз келип кышка камылга көрүп жаткан көптөгөн кожейкелерибиз азыркы учурда бадыраң туздап жатышса керек. Ошол биз жеп жүргөн бадыраңдын пайдалуу жактары өтө көп. Алардын бири бизге күн сайын керектүү болгон көптөгөн витаминдер бар. Булар: B1, B2, B3, B5, B6, C, витаминдери, фолий кычкылы, кальций, темир, магний, фосфор, калий, жана цинк... »

Баш оорудан кутулуу үчүн, бир нече тилим жеш керек.

Чарчаганыңызды тез арада басуу үчүн бир бадыраң, кофеден, чайдан же болбосо суусундуктан жакшырак.

Стресс менен алсыздыкты сезгенде, кайнаган суунун ичине бир бадыраңды ичке тилимдерге кесип салып, бөлмөңүзгө коюп коюңуз.

Ооздогу жагымсыз жытты кетириш үчүн, бир тилими тил жана таңдайдын ортосуна 30 секунд коюш керек.

Бут кийим креми бүтүп калса, бут кийимди бадыраңдын кабыгы менен сүртсө болот.

Жуунучу раковина менен тегеректи тазалоо үчүн бир тилим бадыраң менен сүртүп чыгыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!