«Банка жапканча» тоңдуруп алганыңыз пайдалуу

«Банка жапканча» тоңдуруп алганыңыз пайдалуу
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 17:03

Жай мезгили аяктап күз башталгандан тартып ар бир кожойке кыштын камылгасын көрө баштайт. Ар бирибиз кышкы салаттарды жаап, маринаддап, туздап, кыям, компотторду кайнатабыз. Жайында түрдүү жаңы бышкан мөмөлөр менен жемиштердин аркасында адам организми түрдүү минералдар менен витаминдерге камсыз болот. Ал эми кышында витаминдерди кайдан тапса болот?

Муну ар ким ар башкача чечет. Тактап айтканда, кээ бирөөлөр банкаларга салып жапса, башкалары жер-жемиштерди кургатып же муздаткычка салып сакташат. Ал эми дагы бирөөлөр жылуу жактардан алынып келген кымбат жемиштер менен өсүмдүктөрдү сатып алышат.

Азыктарды кышка даярдоонун негизги 5 ыкмасы бар: консервалоо, туздоо, маринаддоо жана кургатуу, тоңдуруу же катырып салуу. Ар бир ыкманын өзүнүн пайдалуу жана пайдасыз жактары бар. Ошол тууралуу кеп-кеңештерибиз менен бөлүшө кетсек.

1) Консервалоо

Консерваланган өсүмдүктөр көбүнчө идиштерге жабылат. Мындай азыктардан ууланып калуу коркунучу жогору болгондуктан, уксус кошулат. Даамы калптуу болгону менен азыктын пайдалуу жактары азаят.

2) Туздоо

Туздалган азыктар жакшы сакталганы менен, туздуулугу басымдуурак болот жана ачып кетиши мүмкүн.

3) Маринаддоо

Маринаддалган азыктардын курамында көптөгөн кошумча витаминдер менен уксус көп өлчөмдө кошулат. Уксус тамак-аштын курамындагы көптөгөн бактерияларга каршы турганы менен, андагы пайдалуу витаминдерди да азайтат.

4) Кургатуу

Албетте мындай ыкма үчүн азыктардын бардык түрүү жарай бербейт. Бирок кээ биринин баалуулугун сактап отуруп, кургатып алууга болот.

5) Тоңдуруу же катыруу

Бул ыкма сиздин муздаткычка байланыштуу болот. Тактап айтканда, акыркы үлгүдөгү муздаткычтарда тоңдуруу өтө оңой. Тоңгон өсүмдүктөрдүн баардыгы табигый пайдалуу курамын ошол бойдон сактап калат.

Тамактануу тармагында көптөгөн адистер тоңдуруп сактоо пайдалуурак, бирок өтө кылдат иш деген пикирди айтышат. Мунун бир нече себеби бар: Тоңдуруу үчүн жалаң гана жогорку сапаттагы өсүмдүктөр колдонулат. Эзилген, бышпай калган, чириги бар же дагы башка азыктарды сактоого болбойт. Муздатылгандан кийин көптөгөн жемиштер, мөмө жемиштер жыпар жыты менен даамын, пайдалуу курамын ошол бойдон сактап кала алат.

Жылуу жактардан алынып келинген жер-жемиштерге караганда тоңдурулгандардын пайдасы көбүрөөк. Узак жактардан ташылган азыктар бизге жеткенче курамындагы пайдалуу заттардан жоголот. Тоңдурулган жемиштер менен таза, жаңы терилген жемиштердин калориясында да көп айырмачылык болбойт. Ал түрдүү концервалар менен туздалган азыктардын курамында кант кошулуп жабылгандыктан алардын калориясынын өлчөмү да көп болот.

Тоңдурулган өсүмдүктөрдүн зыяндуу жактары да бар

Жашылча жемиштер менен мөмө-жемиштер жаңы терилген кезинде кычкыл даамы болсо, тоңгондо да ошол таасири сакталат. Мисалы, карагат же кулпунай, кыям, чөп чар жана башка өсүмдүктөр кычкыл болуп денени ичиркенте турган болсо, тоңгон абалында да ошол бойдон калат. Ошондой эле, тоңдурунун дагы бир жагымсыз жагы – ширесинин агып калат. Ширеси аккан өсүмдүктөр жегенге жараксыз болуп калат. Ошондуктан тоңгон азыкты өтө жакшы кургатып, атайы баштыктар менен пластмассадан жасалган идиштерде абасын чыгарып, капкагын жакшылап бекиткен оң.

Кандай азыктарды тоңдуруп сактаса болот?

Тоңдуруга мүмкүн болгон жашылча жемиштердин түрлөрү – кулпунай, клюква, алча, карагат. Негизинен тоңдурууга кызыл карагаттан башка баардык жемиштер жарай берет.

Жер жемиштер – помидор, бадыраң, болгар калемпири, сабиз жана башка баардык өсүмдүктөр.

Эскертүү: Тоңдурулган жемиштердин бир жыл гана сактаса болот. Ал эми бадыраң менен помидорду жарым жылдан ашык сактоого болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Асель Кадырбекова кызынын сүрөтү үчүн  жеме укту
Асель Кадырбекова кызынын сүрөтү үчүн жеме укту
Бишкекте электрондук билет системасы бар автобустардын линиясы ишке кирет (фото)
Бишкекте электрондук билет системасы бар автобустардын линиясы ишке кирет (фото)
Уулуна жасаган тамагы бүт дүйнөнү таң калтырды
Уулуна жасаган тамагы бүт дүйнөнү таң калтырды
​Хабибке дагы бир мушкер чакырык таштады
​Хабибке дагы бир мушкер чакырык таштады
Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”
Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”
Принцтин кийимдери 3 саатта сатылды
Принцтин кийимдери 3 саатта сатылды
Көп колдонулган сыр сөздөр белгилүү болду
Көп колдонулган сыр сөздөр белгилүү болду
Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?
Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?
Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат
Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат
Вазадагы гүлдөрдүн өмүрүн узартууга арналган кеңештер
Вазадагы гүлдөрдүн өмүрүн узартууга арналган кеңештер
​Аскадан кулаган мото жарышчы аман калды (видео)
​Аскадан кулаган мото жарышчы аман калды (видео)
Сирия аймагындагы согуш аракеттерине катышып келгени жаран кармалды
Сирия аймагындагы согуш аракеттерине катышып келгени жаран кармалды
Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин батыры” наамын бериш керек
Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин батыры” наамын бериш керек
Автобуста орун таппаган адам аргасыз аялдын алдына отурду (видео)
Автобуста орун таппаган адам аргасыз аялдын алдына отурду (видео)
“Ак куу” кийинген Анжелика Айчүрөккө окшоп калдыбы?
“Ак куу” кийинген Анжелика Айчүрөккө окшоп калдыбы?
Жазгы жана жайкы модадагы кийимдер
Жазгы жана жайкы модадагы кийимдер