Саякатка кийимдерди кантип бат чогултуу керек?

Саякатка кийимдерди кантип бат чогултуу керек?
20-Сен. 2018, Бейшемби, 11:08

Белгилүү саякатчы Керолайн Ясински аэропортто ашыкча жүккө акча төлөп калбаш үчүн, кантип кийимдерди бат чогултуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул тууралуу “News.com.au” агенттиги кабарлайт. Эксперттин айтуусунда түрдүү түстөгү кийимдерди албоого кеңеш берет. Анын ою боюнча ак, кара өңдөгү жана ага айкалышкан дагы эки-үч түстөр жетиштүү. Муну менен бирге өзүңөргө эң керектүү гана делгенин алгыла деп эскертип айтат. Ошондой эле бут кийимдин үч гана түрүн алуу керек. Мисалы, такасы бар, сандали жана такасы жок бут кийимдер.

Самын, шампунь каражаттарын албай эле койгонуңуз оң. Алар ансыз деле мейманканаларда болот. Эми сиз кийимдериңиздин бардыгын жыйнап, чемоданыңызга салып бүткөн соң, аларды кайрадан карап текшерип чыгыңыз. Бул тажрыйба ашыкча буюмдар болуп калса, алардан арылууда колдонулат. Кийимдердин салууда эң алгач бут кийимдерден баштаңыз. Андан соң кийимдерди жана кыска шым менен футболкаларды ороп салсаныңыз жакшы. Киймдин эң оорун үстүңүзгө кийип алыңыз. Буга кошумча бир китеп алып алсаңыз да ашыкча болбос.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!