Муздаткычта эмне сактоого болбойт?

Муздаткычта эмне сактоого болбойт?
21-Сен. 2018, Жума, 12:18

Муздаткыч, сөзсүз, адамга пайдасы бар технологиянын жетишкендиги. Бирок муздаткычта да сактоого болбой турган азык-түлүктөр бар.

Консервалар, ышталган азыктарды жана сироптор. Булар муздаткычта көп орунду ээлейт. Аларды караңгы, кургак, муздак жерде сактаса болот.

Катуу жер жемиштер (картошка, сабыз, пияз) муздаткычта тезирек бузулат. Андан көрө аларды желим кургак жашикте, пакеттерде сактаңыз.

Ашкабак менен коон муздаткычта көп туруп калса бузулат.

Тропикалык жемиштер төмөнкү температурада уулуу заттарды бөлүп чыгарып, чирий баштайт.

Цитрус жемиштерин текчелерге койгон жакшы.

Анар жана курма жемиштери да суукка чыдамсыз. Аларды кагазга ороп, бөлмө темпаратурасында кургак жерде сактаган оң.

Шоколад менен конфеттердин бетине төмөнкү температурада конденсат бөлүнүшү мүмкүн. Ал кургап, шоколаддын бетинде канттын кичинекей кристаллдары калат.

Зайтун майын да муздаткычка салбай эле койгон оң. Суукта ал даамын жоготушу мүмкүн.

Бал да болгон пайдалуу касиетин суукта жоготот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!