Жууркан-төшөктү кандай жууш керек?

Жууркан-төшөктү кандай жууш керек?
22-Сен. 2018, Ишемби, 13:48

Жаш жубайлар үй-бүлө курган кезде эмерек, идиш-аяк, жууркан-төшөк сыяктуу керектүү заттарды сатып алышат. Жууркан-төшөктү сапатына карап жакшысын алган менен ал кирдеп, чаңдай берет. жууркан-төшөктү туура жууп, күтүү тууралуу кеңештер менен бөлүшө кетмекчибиз.

Жаздык

Жаздыкты жакшылап жууп, бир аз убакытка илип, кургатыш керек. Себеби ал өзүнө бардык кир, чаңды жыйнайт. Куштун канатынан, жүндөн жасалган жаздыкты кол менен же кир жууган машина менен жууса болот. Чаң соргуч менен микроб, кене менен чаңдан тазалай албайсыз. Жаздыгыңыз чоң болсо, ичиндеги жүндү бир нече пакетке бөлүп, салып, бөлөк жууш керек.

Жаздыкты жууган кезде айна же болбосо кир самын кошуңуз. Кондиционерди колдонбоңуз, себеби анын өзүнө таандык жыты бар. Анын ордуна өзүңүзгө жаккан эфир майын тамчылатып, жуусаңыз жакшы.

Жаздыкты күндүн алдында кургактыңыз.

Жууркан

Синтетикадан жасалган жуурканды кагазында көрсөтүлгөн температура менен кир жуугуч машинада жууса болот. Ал жүндөн жасалган жуурканды кол менен жууш керек. Себеби ал жогорку температураны, катуу сыгууну көтөрө албайт. Жүн жуурканда зыяндуу жандыктар пайда болбосун десеңиз, 3 айда бир жолу таза абага чыгарып туруңуз. Куштун жүнүнөн жана пахтадан жасалган жууркандарды чаң соргуч менен тазалоого болбойт. Аларды эшикке чыгарып, кагып, силкип, тазалаш керек. Ал тактарды кетиргиңиз келсе, нашатырь спиртин колдонсоңуз болот.

Матрас
Матрас тез чаңдап кетпеш үчүн жарым жылда бир жолу оодарып туруш керек. Тазалоо үчүн чаң соргучту колдонсоңуз болот. Матрастан такты кетиргиңиз келсе, 1:2 өлчөмүндө туз менен суу эритмесин пайдаланып, тазаласа кетет. Эритме менен такты суулап, 30 мүнөттөн кийин кургак чүпүрөк менен сүртүп салыңыз. Күн жылыган кезде матрасты сыртка чыгарып, щетка менен тазалаган жөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР