Абадагы ашыкча нымдуулукту тартып алган бөлмө гүлдөрү

Абадагы ашыкча нымдуулукту тартып алган бөлмө гүлдөрү
26-Сен. 2018, Шаршемби, 10:27

Спатифиллум-бул гүлдү аялдык бакыт деп атоого болот. Анткени ал үйгө сүйүү менен бакытты чакырат. Бул өсүмдүк гүлү бөлмөдөгү ашыкча нымдуулукту өзүнө тартып алып, абаны нормалдаштырууга жардам берет.

Кофе дарагы. Мунун жүздөн ашык түрү болсо да, көпчүлүк адамдар арабика сортун өстүрүшөт. Анткени ал бөлмөдөгү ашыкча нымдуулукту тартуу менен бирге тропикалык жыт берип толуктап турат.

Мирт-тынчтыктын жана ырахаттын символу. Бул өсүмдүк гүлү бөлмөдөгү зыяндуу микробторду өзүнө тартып алып, адамдардын ден соолугуна кам көрөт.

Лимон-бул абдан жагымдуу бөлмө өсүмдүгү болуп саналат. Бул өсүмдүк бөлмөгө жагымдуу жыт да берип турмакчы. Лимондун жалбырагы бөлмөдөгү зыяндуу нерселерди өзүнө тартып алат. Ошондой эле ден соолукка да абдан пайдалуу өсүмдүк.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!