Кир жуучу каражатты кантип тандоо керек?

Кир жуучу каражатты кантип тандоо керек?
27-Сен. 2018, Бейшемби, 10:09

Статистика боюнча кир жуучу каражат абдан керектүү буюмдардын катарына кирет. Ал каражатты сиз үйүңүзгө койдурткандан кийин, жумушуңуз канчалык жеңилдегенин байкай аласыз. Ар бир эле үй кожойкеси замандын талабына жараша кир жуугчу каражатсыз өз ишин элестете албаса керек. Эгерде сиз ишенимдүү кир жуучу машинени алгыңыз келсе, анда төмөнкү кеңештер ашыкча кылбас.

-Эң алгач эле кир жуучу машиненин түзмөктөрү менен жакшылап таанышып чыгуу керек.

-Учурда базарларда алардын түрү абдан эле көп. Мисалы, Bosch, Zanussi, Candy Holiday, Samsung, Indesit сыяктуу. Алардын ичинен эң эле талапка жооп бергени: Бир эле учурда алты килограммга чейин кирди салганга мүмкүн болгон кир жуучу машине эсептелинет.

-Мындан сырткары алардын электрди канчалык керектейт, кирди канчалык таза жууйт жана аны мыкты сыккан тараптарын да эске алуу керек. Кир жуучу каражаттардын A жана B моделдери абдан күчүү жана натыйжалуу келет. Ал эми F, G тамгасы менен белгиленгендердин натыйжалуулугу азыраак болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!