"Чай пул" деген түшүнүк кандайча пайда болгон?

27-Сен. 2018, Бейшемби, 16:14

“Чай пул” (чаевый) деген сөздүн пайда болуусуна байланыштуу даректер ар түрдүү. Кээ бир маалыматтарга караганда XVIII кылымдын 30-жылдары пайда болгон. Ошол кезде голландиялык көпөстөр Англияга чай ташый башташкан, бирок чай ал кезде өтө кымбат эле. Ошондуктан аны жалаң гана колунда бар гана адамдар чөнтөгүнө салып жүрүшкөн. Чайды атайы түштөн кийинки мезгилде "чай бакчасында", ачык асман алдында, гүлдөрдүн ортосунда отуруп, музыканын коштосунда ичишкен.

Столдордо "To Insure Prompt Service" (TIPS), которгондо "тез кызмат көрсөтүү үчүн" деген жазуу бар кутучалар тураган. Ысык чайды тез алып келүүсүн каалаган адам ушул кутуга акча салышкан. Чай пул берүү ушундайча пайда болгон.

Француз тилинде «пурбуар» деп аталат, ал «ичүү үчүн» деген маанини билдирет. Азия жана Чыгыш өлкөлөрдө «бакшиш» дейт, аны ачык түрдө суроого уруксат берилген.

Гректер «филодорима», тагыраагы «достук сыйлык» деп аташат. Эгер саякатоону жакшы көргөн болсоңуз, чай пул калтырууга байланыштуу ар өлкөнүн өз эрежеси бар экенин билет чыгаарсыз.

АКШда официантка счеттун 15-25 пайызын, ал эми Бразилияда 10 пайызын, Швецияда 5-10 пайызын калтырыш керек. Ал эми Япония менен Австралияда чай пул деген түшүнүк жок, бул жакта столго чай пул калтырууга тыюу салынган. Аны официанттар өзүн кемсинтүү, төмөндөтүү деп түшүнүшөт.

Австрияда счетту үч жолу сураганда алып келбесе, төлөбөй туруп кетүүгө да укуктусуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!