Өрүктүн химиялык курамы менен пайдалуу касиеттери

Өрүктүн химиялык курамы менен пайдалуу касиеттери
2-Окт. 2018, Шейшемби, 09:41

Жумшак өрүк 10,5 пайыз канттан турат. Ошону менен катар анда:

- алма кычкылы;
- шарап кычкылы; .
- лимон кычкылы;
- крахмал;

- пектин;
- витаминдер; .
- йод;
- калий тузу; .
- натрий тузу;
- фосфор тузу;
- темир тузу болот.

Пайдалуу жактары:

Өрүк ширеси менен кургатылган өрүк кош бойлуу аялдарга жана бала эмизген энелерге өтө пайдалуу. Ошону менен бирге аз кандуулук, авитаминоз кезинде өрүк жемишин жесеңиз миңдин бири. Узак убакыт ооруган орулардан кийин рационго өрүктү кошуу сунушталат.

Курамында С витамининин көп кездешкендиги суук тийүү менен жугуштуу ооруларды алдын алууга жардам берет. Өрүктүн курамына кирген А витаминдери негизи көз көрүүсү үчүн жакшы таасир берет. Ошону менен бирге организмдин түрдүү ооруларга туруштук бере алат. Өрүктүн курамындагы жогорку деңгээлдеги В витаминдер тобу нерв жана жүрөк, кан-тамыр системасына жакшы таасир берет.

Өрүк данынан косметикалык заттарды жасоого пайдалануучу май алынат. Өрүктөр тамак-аш сиңирүү мүчөлөрүнүн жумушун жолго салат, ошондуктан ич каткан кезде ушул жемишти жегенге сунушталат. Жемиштин курамына кирген заттар кандын түзүлүшүнө жакшы таасир берет. Ага кошо өрүк организмди уулануудан тазартып, ашыкча холестеринди чыгарат.

Өрүктү жегенге болбой турган жагдайлар

Курамында кант көп болгондуктан кант диабети менен ооруган адамдарга бул жемишти жегенге болбойт. Жаңы бышкан өрүктүн кычкылы жогору ал гастрит менен ооруган адамдарга зыян болушу мүмкүн. Ошону менен бирге боор, панкреатит, ашказан жарасы сыяктуу оорулар бар адамдарга өрүктү аздан жеген оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР