Шарды үйлөөнүн оңой жолу

Шарды үйлөөнүн оңой жолу
13-Апр. 2017, Бейшемби

Уксуска бир чымчым ашкана содасын кошуп, шарды бөтөлкөнүн оозуна кийгизиңиз. Бул тажрыйбаны жасоо үчүн сизге: бир чай кашык ашкана содасы, лимон суусу, үч аш кашык уксус, шар, изолента, стакан менен бөтөлкө жана варонка керек.

Бөтөлкөгө суу куюп, ага бир чай кашык ашкана содасын кошуп аралаштырабыз.

Өзүнчө идишке лимон ширеси менен 3 аш кашык уксусту аралаштырып, варонканын жардамы менен бөтөлкөгө куябыз.

Шарды тез бөтөлкөнүн башына кийгизип изолента менен жакшылап оройбуз. Эмне болуп жатканын караңыз! Ашкана содасы менен лимон ширесинин ортосунда химиялык реакция жүрүп, көмүр кычкыз газы бөлүнүп чыгып, шарды үйлөп жиберет.

2 ыкма:

Бөтөлкөгө жарым стакан уксус куюп, шарга 5 аш кашык сода себиңиз. Ашкана содасы бөтөлкөнүн ичине киргидей кылып шарды бөтөлкөнүн башына коебуз.

Сода уксус менен кошулганда көмүр кычкыл газ бөлүнөт. Ал газ шарды үйлөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!