Парданы кандай жууш керек?

Парданы кандай жууш керек?
13-Окт. 2018, Ишемби, 15:21

1. Кечки убакка карай 1,5-2 саат пардаңызды жылуу сууга салып, чайкап алыңыз. Эртең менен каалаган кир жуучу айнадан кошуп, ысык суу менен жууңуз.

2. Бирок ысык сууга салаардан мурун, дагы бир жолу жылуу сууга чайкап алган оң.

3. Үч аш кашык тузду 0,5 литр жылуу сууга салып эритип алыңыз.

4. Бир-эки сааттан кийин парданы жылуу сууга да, ысык сууга да салып чайкаңыз. Андан кийин илегенге 2-4 литр (парданын көлөмүнө жараша) суу куюп, туз эритмесин кошуңуз.

5. Андан сон дагарага парданы 2-3 мүнөт сайын оодарып туруш керек экенин унутпаңыз.

6. Ушул ыкма менен жуусаңыз, пардаңыздагы саргайып калган тактарды да опоңой кетиресиз. Пардаңыз дүкөндөн жаңы сатып алып, илип койгондой болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!