Азык-түлүктү ысырап кылбоонун ыкмалары

Азык-түлүктү ысырап кылбоонун ыкмалары
16-Окт. 2018, Шейшемби, 10:30

Дасторконубуз ар дайым токчулукта болуп келген элбиз. Бирок, ысырапчылыкка жол бербегендер да аз эмес. Азыктарды туура сактабагандан улам таштандыга таштоого мажбур болобуз. Көпчүлүгүбүз азыктарды муздаткычта сактаарыбыз анык.

Бирок, анда сактоонун өз эрежелери бар. Мисалы, сүт азыктары муздаткычтын жогорку бөлүгүнө сакталат, ал эми тоңдуручу жерине жакын балыкты коюлат. Жер-жемиштер менен мөмөлөр атайын бөлүккө салынат. Эшигиндеги текчелер эң жылуу жер болгондуктан тез бузула тургандарды коюшпайт. Сары май, жумуртка, кесилген лимонду ошол жерге койсоңуз болот.

Пияз, алма, алмурт, кофе, цуккини, ашкабак жана коонду муздаткычта сактабайт. Алар сууланышып, көгөрүп, жегенге жарабай калат. Мисалы, алма менен алмурт төмөнкү температурада сакталса, этил газын бөлүп чыгарат. Чирип гана кетпестен, жанындагы азык-түлүккө да зыянын тийгизет.

Чучук менен быштакты полиэтилен пакетке ороңуз, болбосо жытын сиңирип алып, тез бузулуп кетет. Жакшысы, фольга кагазына ороп сактоо.

Эттин сөөктөрү, катыган нан, бышкан эттерди ыргытпай, даамдуу бир тамак жасап салыңыз. Бул үй кожейкесинин чеберлигине байланыштуу. Нанды сүт менен жумуртканга малып, ысып турган майга (гренки) оонатып алыңыз. Жер жемиштердин калдыгы менен сөөктөн шорпо жасаңыз. Бышкан этти кууруп, күрүч менен бериңиз.

Амалын тапса ысырапчылыкка жол берилбейт!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди