Жүзүмдүн өзгөчө пайдасы

Жүзүмдүн өзгөчө пайдасы
18-Окт. 2018, Бейшемби, 16:06

Женева университетинин изилдөөчүлөрү жүзүмдүн курамындагы ресвератрол аттуу баалуу табигый кошулма өпкөнүн рак оорусу менен күрөшүү касиетине ээ экенин аныкташты. Бул тууралуу “Science Daily” маалымат булагы билдирет.

Ушундай жыйынтыкка чычкандарды тамеки түтүнү бар канцероген таасирине учураткан экспериментте белгилүү болду. Чычкандарды ары карай эмдөөгө жүзүмдүн курамындагы ресвератрол колдонулган. Фенольдук кошулмалардын өпкө рагы менен күрөшүүдөгү пайдалуулугун затты мурунга сайуу аркылуу аныкташты.

Тажрыйбага катышкандарды төрт топко бөлүшкөн: биринчи байкоо тобуна канцерогенде, ресвератрол да берилген эмес, экинчиге – экөөнү тең беришкен, ал эми калганына ар бир заттын бирөөнү гана берген. Эмдөөнү кабыл алган чычкандардын зыяндуу шишиги башка топтогуларга караганда 45 пайызга кичирейген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!