Даамы өзгөрүлүп турган сагыз чыкты

Даамы өзгөрүлүп турган сагыз чыкты
19-Окт. 2018, Жума, 11:25

Япониялык окумуштуулар даамы өзгөрүлүп турган сагыз ойлоп табышты.

Өзгөчө сагызды Мэйдзи университетинин окумуштуулары жасашып, Германиядагы симпозиумда сынактан өткөрүшкөн. Жаңы продукциянын курамы адаттагы чайнап жүргөн сагыз сыяктуу. Бирок аны адистер атайы түзүмдүн жардамы менен даамын өзгөртүштү. Кийин андан алманын, ананастын, эттин, шоколаддын жана башка азыктардын даамы чыгат деп жатышат. Анын жарактуулугу ондогон жылдарга чейин жетет жана организмге зыян тийгизбейт. Келечекте аны даярдагандар сатыкка чыгарууну көздөшүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!