Деңиз тузунун пайдасы

Деңиз тузунун пайдасы
24-Окт. 2018, Шаршемби, 10:44

Деңиз тузунун курамында Менделеевдин таблицасындагы бардык минералдар кездешет жесе да болот, тактап айтканда – 65ке жакын минерал. Ал – эң жакшы антисептик.

Илгери жаракаттанган жер кызарып шишип кетпеши үчүн туз тунмасына малынган кездеме менен таңып коюшкан. Минералга бай курамы менен деңиз тузу организмге жакшы таасир берет, косметологиялык жактан пайдасы мол.

Деңиз тузунун пайдалуу касиеттери:

Стрессти басат,

Иммунитетти жакшыртат,

Тонусту көтөрөт, терини жумшартат,

Шишип кызарып калуусун алдын алат,

Антисептикалык жана тез эмдөөгө кабилеттүү,

Кандын коюланышына жакшы жардам берет,

Клеткалардын азыктануусун жакшыртат.

Деңиз тузун кандай пайдалануу керек?

Деңиз тузун пайдалануунун бир нече ыкмасы бар. Эң эле белгилүүсү – туздуу ваннага түшүү. Ошону менен катар кан айланууну жакшыртуу үчүн, денени чыныктыруу үчүн, целлюлиттен дарылануу үчүн жана иммунитетти жакшыртуу үчүн пайдалуу. Суук тийген кезде деңиз тузу менен ингаляция процедураларын жасашат.

Мындан сырткары, деңиз тузу көптөгөн косметикалык каражаттардын курамына кирет (кремдер, маскалар, гельдер жана башкалар).

Деңиз тузу кошулган ванна

Жеңилдеп, стресстен арылуу үчүн ваннаны уктаарга чейин 1 саат калганда жана кечки тамактан 2 саат өткөндөн кийин түшкөн оң. Жакшылап эмделүү үчүн күн алыс 15-20 мүнөттөн толук бир «курс» – 10-15 ванна кабыл алуу керек. 250ден 1000 граммга чейинки өлчөмдө деңиз тузун алып, ысык сууга эритип, кийин жылуу суу куясыз. Ваннага түшүү үчүн ылайыктуу температура – 36-370С. Эгер сергип калгыңыз келсе – эртең менен түшкөн жакшы. Бул учурда температура бир аз төмөн болуш керек – 33-340С.

Колго жана тырмакка арналган деңиз тузу

Кичине кашык деңиз тузун 200 грамм дистирленген сууда же кайнаган сууда (жылуу болуш керек) эритип, колуңузду 20 мүнөткө салыңыз. Туздун курамындагы минералдар тырмакты азыктандырып, бекем кылат. Эгер тырмактарыңыз сыннып кала берген болсо жумасына 2-3 иреттен, кечкисин жасап туруу кажет. Толук курс 5 процедурадан турат.

Целлюлитке каршы деңиз тузу кошулган скраб

Үч чоң кашык деңиз тузун эки чай кашык зайтун майы менен аралаштырып, блендерге салып майдаланган лимонду кошуңуз. Скрабты проблемалуу жерлерге сүйкөп, губканын жардамы менен саатын жебесин көздөй укалаңыз. Мындай процедура кан айланууну жакшыртып, клеткалардан токсиндерди чыгарып, ордуна кычкылтек менен камсыз кылат, терини сергитип, жумшартат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы