Өз колубуз менен кулпунайдан букет жасайбыз

Өз колубуз менен кулпунайдан букет жасайбыз
29-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 10:54

Кулпунайдан жасалган букет учурдун стилдүү жана оригиналдуу белектердин катарына кирмекчи. Сиз кулпунайдан букет жасоо менен бирге бир ок менен эки коён аткан болосуз. Анткени ал абдан сонун, ошол эле учурда аппетитти ачкан витаминдүү белек. Эгерде сиз жакындарыңызды же досторуңуздун көңүлүн көтөрүп куттуктагыңыз келсе-анда дал ушул белек оригиналдуу болмокчу.

Керектелүүчү буюмдар

Кулпунай

Гүл

Жашыл сабак

Кооз кагаз

Бантик

Даярдоо жолу

Эң алгач букетке деп тандап алынган кагазды кооздоп оройбуз. Муну менен бирге жаңы үзүлгөн, катуу кулпунайды тандап алабыз. Аны жууп кургатып коёбуз. Андан соң кулпунайга тең гүл керектелет. Жашыл сабактарды бирдей кылып кыркып алабыз. Сабактарын чогуу оройбуз, андан соң кулпунайларды катары менен тизип салабыз. Эң акырында букеттин сыртын кооз бантик менен ороп коёбуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР