АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агентигинин маалыматы боюнча, сырттагы абага караганда үйдүн ичиндеги аба эки эсе кир деген жыйынтыкка келишкен. Муну азайтуу керек. Кантип? Беш кадам менен үйдөгү абаны таза кармоого болот.

Би-Би-Си Түрк кызматынын маалыматы боюнча, кир абадан улам жыл сайын 7 миллиондой адам дүйнөдө көз жумат.

Жөнөкөй гана дем алуу 10 адамдын тогузооно паралич, дем алуу жолдорунун инфекциясы жана өпкө рагы менен ооруп калуу коркунучун жогорулатат.

Ошондуктан жок дегенде үйдөгү абаны таза кармоо үчүн адистер беш кадам аркылуу тазалоого кеңеш бериет.

Үйдүн ичинде сөзсүз аба айланып туруш керек. Бул аркылуу үйдө кир абадан арылууга болот. Ал үчүн эшик терезелерди күндө эки же үч жолу ачып туруу кажет. Эгер кондиционер колдонсоңуздар, анда анын чыпкасы (фильтр) да болуусун эске алыңыз. Аспираторду тамак бышырып жатканда же ваннага түшкөн кезде иштетип коюу менен уулуу бөлүкчөлөрдү жок кылуу менен нымдуулукту төмөндөтүүгө болот.

Үйдө өсүмдүк өстүрүңүз. Себеби өсүмдүктөр абадагы уулуу заттарды тазалайт эмеспи. Жабык жерди эң жакшы тазалаган өсүмдүк бамбук пальма өсүмдүгү. Бул пальма “NASA”нын “Fresh Air Survey” кызматынын абаны тазалоо боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон.

Зыяндуу учкан органикалык заттар ар дайым жасалма жыттарды пайдаланганда пайда болот. Бул заттар аба менен байланышта болгон кезде, зыяндуу шишик менен байланышкан формальдегид чыгышы мүмкүн. Жытты жок кир жуучу каражаттарга өтүңүз жана дезодоранттар, килемдер менен аба тазалоочу каражаттардан алыс болуңуз. Лимон жана сода абаны тазалоого арналган эң жакшы каражат болуп саналат.

Эң чоң маселе тамеки чегүү. Бул зыяндуу заттын түтүнү абанын айлануусу аз болгон жерде жыйналган кезде чоң коркунуч туудурат. Ошондуктан үйдө тамеки чегүүгө жол бербеңиз.

Кир, чаңдын бөлүкчөлөрү астма жана башка аллергия ооруларын козгойт. Чамадан сырткары нымдуулук абадагы грибоктун көбөйүшүнө таасир бериши мүмкүн. Бул иммундук системасы алсыз адамдарда өпкө инфекциясына алып келиши ыктымал.

Эксперттер төмөндөгүдөй чара көрүүнү сунушташат:

Шейшеп, төшөктү бат-баттан жууп туруңуз. Килемиңизди жакшылап тазалаңыз. Кир кийимдерди ачык терезенин жанына кургатыңыз. Кирдин үйгө киришине жол бербеш үчүн эшиктин алдына бут сүрткөнгө килемче төшөп коюңуз.