Шекердин кайсы тамак-ашта жашынып жатканын билесизби?

Шекердин кайсы тамак-ашта жашынып жатканын билесизби?
5-Дек. 2018, Шаршемби, 13:03

Адистер шекердин өтө зыян экендигин коңгуроо кагып келишет. Алардын айтымында шекер-тишке, ичеги карындарга, эндокриндик системага жана бой келбетибизге өтө зыян. Эми доктурлар курамы углеводго жана шекерге бай тамак-аштардын топтому-онкологиялык ооруларды пайда кылып, эс тутумду начарлатып жана уйкусуздукту пайда кыла тургандыгын айтып чыгышты.

Ага карай биз толугу менен мындай тамак-аштардан баш тарта албайбыз. Себеби, баарыбызга белгилүү болгондой шекер адамдарга берилүүчү энергия булагы болуп саналат.

Горький шоколад өмүрдү узартат

Горький шоколаддын курамын-70% таза какао, калган пайызын майлар жана төмөнкү даражадагы шекер түзөт.Дал ушун натуралдык антиоксиданттардан турган шоколадды биз-аспирин жана кызыл винонун ордуна колдоно алабыз. Ал маанайыңызды көтөрүп, кан системасынын жакшы иштөөсүн камсыз кылат.

Сокко караганда табигый мөмө-жемиштер алда канча пайдалуу

Канчалык мөмө-жемиштерди көп колдонсоңуз-организмдеги суу балансын толуктап, керектүү витаминдер менен камсыз кылып турат. Ал эң биринчиден-ичеги карындын жакшы иштөөсүнө жардам берет.

Курамында шекер катталган тамак-аштардын түзүмү

1.Жарым-жартылай даярдалган (полуфабрикаты) тамак-аштар. Мисалга, колбаса, тоңдурулган котлет, сосиска, блинчик жана нагеттер.

2.Даяр соустар. Аларга кетчуп, соевый соус жана шашлык соустары кирет.

3. Тез жасалчу кашалардын түрмөгү. Алардын курамында көп өлчөмдө шекер каталган.

4.Желимдеги чайлар жана йогурттар (айран).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!