Дүйнөдөгү баардык акчанын саны канча?

Дүйнөдөгү баардык акчанын саны канча?
21-Апр. 2017, Жума

Жер шарындагы ар бир тиричилик ээси, тагыраак айтканда адам баласы жумуш жасоо аркылуу акча таап күн көрөт. Ал - мыйзамдуу иш аракет. Ошондой болсо да кээде “Эмнеге акчаны бүтпөс кылып чыгарып, адамдардын баары бай боло албайт?” деген суроо жаралат. Бул мүмкүн эмес. Себеби акчаны чексиз болуусу жердеги берекенин ыркын качырат. Дүйнөлүк согуштардын башталып кетиши мүмкүн. Себеби адамдын напсиси эч качан тойбойт.

Ал эми азыркы кезде жалпы жеке адамдардын колунда жалпы акча фонду канча деп ойлойсуз?

Азыр ар кайсы өлкөлөрдүн 150дөн ашуун валютасы бар. Эң көп суроо - талапка ээ жана көп кездешкендери – евро, доллар, иен жана юань. Алардын рыноктогу үлүшү дээрлик 70 пайызды түзөт.

Евро – дүйнөдөгү кенже акча бирдиги. Ал 2002-жылы 1-январда айлантууга берилген.

Азыркы учурда дүйнөдө басылып чыккан акчанын саны 60 триллионго жетет. Эгерде дүйнөдөгү адамдардын баарына бул сумманы бөлүп карай турган болсок, анда ар бир адам 10 000 доллардан туура келет. Статистикалык маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзү боюнча баардык акчанын 80 пайызы 20 пайыз гана элдин колунда. Ал эми калган 80 пайыз ошол 20 пайыздан калган, же бир адамга 2,5 миң доллар акча менен гана канааттандырылып келет.

Акыркы 10 жылдан ашуун доллардын саны, жүгүртүүдө эки эсеге өскөндүгүн белгилей кетүү керек. Бул деген Кошмо Штаттар акыркы он жылдын ичинде өткөн 150 жыл ичиндегидей көп акча чыгарган дегенди билдирет.

2012-жылы жер бетиндеги адамдар 7,8 пайызга чейин байып кетишкен. Бул деген жалпы дүйнөдөгү ар бир жеке адамдын колундагы акчаларды кошуп санасак 135,5 трлн долларга теңелди деген сөз. Дүйнөлүк изилдөө борборунун маалыматы боюнча эң бай аймак Түндүк Америка менен Батыш Европа. Алардын колундагы акча орточо эсеп менен 43,3 трлн доллар менен 35,8 трлн долларга тең. Ал Японияны эсептебеген кезде Азиянын акча фонду (жеке адамдардын колундагы) 28 трлн доллар. Акча фонду эң көп делип АКШ башкы сапта турат. Алардын саны-3000 трлн доллар. Аталган элдеги ар бир жеке адамдын эсеп-чотунда 100 миллион доллардан көп акча бар. Экинчи орунда – Улуу Британия. Миңге жакын адамда ушунча акча тиркелген. Үчтүккө кирген эл- Кытай. 851 адамдын чөнтөгүндө миллион доллар айланып турат. Ал аталган көрсөткүчтөр 2017-жылы 4 трлн долларга дагы көтөрүлүшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!