Жалюзини кантип тазалаш керек?

Жалюзини кантип тазалаш керек?
10-Янв. 2019, Бейшемби, 11:55

Батирдеби же кеңседеби жалюзини кантип тазалап, таза кармаш керек? Бүгүнкү кеңешибизде бул тууралуу маалымат бермекчибиз.

1 кеңеш:

Жалюзини атайы щетканын жардамы менен тазалоо. Мунун бир кемчилиги бул щетканы сууга салууга болбойт, ошондуктан чаңды гана аарчый аласыз. Ал эми андагы тактарды кетирүү кыйынчылык жаратат.

2 кеңеш:

Эгер сиздин жалюзи пластик же алюминден жасалган болсо, анда аны нымдуу чүпүрөк менен сүртүп койгон оң. Бирок сөзсүз түрдө пластик жана алюмин үчүн атайы жуучу каражат кошуңуз. Мындай учурда 100 пайыз кир, чаңдан арыла аласыз.

3 кеңеш:

Ал эми эгер жыгач же материалдан жасалган болсочу? Анда аны кадимки чаң соргучтун жардамы менен тазалаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!